Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында эл аралык транзиттик логистикалык борбор куруу долбоорунун үстүнөн иштеп жатат.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-июлдагы жыйында билдирди.
Анын айтымында, жаңы объектини Кызыл-Кыядагы эски шаардык аэропорттун ордуна куруу пландалууда. Ушул тапта техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болду.
“Бул долбоордун аркасынан Кытайдан Фергана өрөөнүнө, андан ары ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана Европага жаңы (соода) каттам ачылат деп ниеттенип жатабыз”, – деди Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы биргелешкен башка фонддордун ишине комментарий берип жатып, венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду иштеп баштаганын эске салды. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 2022-жылдын башынан бери 75 млн долларга 20 долбоорду каржылаган.
Жакында түптөлгөн кыргыз-өзбек фондунун уставдык капиталы 50 млн долларды түзөт, бирок аны 200 млн долларга чейин жеткирүү пландалууда.