Menu

Кыргызстан-Түштүк Корея

Дагы 92 кыргыз жараны Түштүк Кореяга жумушка жөнөп кетти

Түштүк Кореяга эмгек миграциясына жөнөп жаткан жарандар менен 11-июлда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жолуккан. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Бул жарандар эки өлкө ортосунда түзүлгөн кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында жумушка орношууда.

Министрликтин маалыматы боюнча ушу тапта Түштүк Кореяда эки миңдей кыргыз жараны иштеп жатат.

Министр Базарбаевдин айтымында, кыргызстандыктарды убактылуу жумуш менен камсыз кылуу боюнча буга чейин Жапония, Британия менен келишимдерге кол коюлган. Учурда Германия менен келишим даярдалууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 117 жеке агенттик бар. Алар дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жарандарга ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүшөт. Ушул жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлсө, Британия миң кыргызстандыкты иш менен камсыздоого даяр экенин кабарлаган.

Быйыл Түштүк Корея кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн 1800 кишиге квота бөлдү, алар $200 млн иштеп таба алышат

КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Түштүк Кореяда иштеп келүү үчүн кыргызстандыктарга квотаны 2022-жыл үчүн 1800 кишиге көбөйтүүгө жетише алды. Бул тууралу министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы жана 2019-жылы мындай квота 500 адамдан ашкан эмес, ал эми 2020-2021-жылдарда 750 кишиге гана квота берилген. Быйыл болсо ал квота эки эседен ашык көбөйтүлдү. 

Эки өлкөнүн ортосунда бул багытта  түзүлгөн Меморандумдун 15 жылында Түштүк Кореяда иштеген кыргыз жарандары 600 млн АКШ долларын иштеп табышкан. Кыргыз жарандары Кореянын өнөр жай тармагында 4 жыл 10 айлык мөөнөттөгү жумушка орношо алышат. Алардын орточо айлыгы айына 1800 АКШ долларын түзөт. Андан сырткары алардын жатаканасы менен тамак-ашын Корея тарап уюштуруп, төлөп берет.

Акыркы 15 жылда Түштүк Кореяга 5000 кыргызстандык жумушка орношо алышты. 

Быйыл эле жыл башынан бери 302 кыргызстандык Кореяда ишке орношуп, алар Бишкек-Инчхон чартердик авиакаттамы менен жеткирилди. Ал эми 12-июлда ушундай эле жол менен дагы 150 жаран жөнөтүлүп жатат. 

“Эгер быйыл квота боюнча 1800 киши жөнөтө алсак, анда алар 200 млн АКШ долларын иштеп таба алышат”, – дейт министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев.

Элчи Динара Кемелова Түштүк Кореянын Химчан клиникасынын директору Стефан Чо менен жолугушту

8-сентябрда Элчи Динара Кемелова Түштүк Кореянын Химчан клиникасынын директору Стефан Чо менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөдөгү коронавирус менен байланыштуу кырдаалды талкуулашты, кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашышты, ошондой эле саламаттык сактоо тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Элчи Динара Кемелова Кыргызстандын аймагында саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлорго, анын ичинде диагностикалык борборлорду, муун ооруларынын клиникаларын жана реабилитациялык борборлорду и нвестициялоону сунуштады.

Ошондой эле корея тарабына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Улуттук кардиология борбору менен Химчан клиникасы ортосундагы ниет тууралуу тийиштүү протоколун түзүү жолу аркылуу кызматташтык орнотуу сунушталды.

Тараптар ооруканаларды куруу жана медициналык кадрларды даярдоодо боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Элчи медициналык жабдуулар түрүндө кыргыз ооруканаларынын потенциалын жогорулатууга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароону өтүндү.

Маалымат үчүн: Химчан клиникасы-Корея Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аккредитацияланган клиникасы, өлкө ичинде 8 филиалы жана чет өлкөлөрдө 3 ооруканасы (Южно-Сахалинск (Россия), Шарджа (БАЭ), Бухара (Өзбекстан)). Химчан клиникасы сапаттуу жана коопсуз хирургиялык дарылоодо, тактап айтканда, артропластика, ошондой эле орус тилинде кызмат көрсөтүү боюнча 1-орунда турат.

Меню