Menu

Кыргыз-казак чек арасы

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочуларга чатырлар тигилди

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде тыгында турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү 22-августта маалымдады.

“Айдоочуларга медициналык, психологиялык жана башка жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулду”, – деп айтылат билдирүүдө.

Өкүлчүлүк учурда тиешелүү мамлекеттик органдар жол кыймылын жана коомдук коопсуздукту сактоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Буга чейин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы маалымат таратып, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте эч кандай чектөө жок экенин билдирген.

Анда чек арада мыйзамсыз иштерге каршы чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылган.

Мурдараак Казакстандын каржы министри Ерулан Жамаубаев “ал жерде маңзат аныктоо боюнча операция жүргүзүлгөнүн, мындан улам Чек ара кызматы менен Улуттук коопсуздук комитети тыкыр көзөмөл кылып жатканын” маалымдаган.

Кыргыз тарап Казакстандын 22-августтагы расмий билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Аталган бекетте жүк ташуучу автоунаалардын кезеги 20-августтан тартып узара баштаган. 22-августта алардын саны 500гө чукулдады.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Казакстан буга чейин “Ак-Тилек” аркылуу бир саатта 14-15 машине өткөрсө, азыр 4-5 саатта бирден автоунааны өткөрүп жатат.

Чүй дарыясы сол жээкти - Кыргызстан тарапты кемирип, өлкө кеминде 800 гектардай жеринен ажырады

Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана тийиштүү мекеме-органдардын өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топ Чүй дарыясынын жээги жуулуп, жүздөгөн гектар жер казак тарапта калган жагдайды жеринен иликтеп, чара көрөт. Бул тууралуу парламенттин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев билдирди.

Ал бул көйгөй анын көзөмөлүндө экенин айтып, каражат бөлүү маселеси да караларын белгиледи.

Мунун алдында Чүй дарыясынын кыргыз-казак чек арасын бойлой өткөн бөлүгүндөгү жээктерди бекемдөөгө кыйла аз акча бөлүнгөнү белгилүү болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, быйылкы жылга беш объект куруу үчүн 177 миллион сомго жакын акча керек деп эсептелген. Анын 50 миллион сому гана берилди.

Кыргыз өкмөтү жана президенттин администрациясы Чүйдүн жээгин бекемдөөгө эмнеге кыйла аз акча бөлүнгөнү тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Журналисттер өткөн айда кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын сол жээги желип, жүздөгөн гектар жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан. Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутат Эрулан Көкүлов Чүй дарыясы тууралуу журналисттердин иликтөөсүндөгү маселелерди көтөргөн. Анда өкмөт дарыянын жээгин бекемдөөгө акча бөлүп бере электигин сынга алып, чек арага көңүл буруу керектигин эскерткен.

“Казакстан тарап өздөрү жактагы дарыянын жээгин бекемдеп, биздин жээктер болсо жуулуп, жүздөгөн гектар жер алар тарапта калыптыр. Жакында эле “Азаттыктын” иликтөөсү чыкты, аны көрдүңөр. Бул жерде жок маселени маселе кылып, “каалаган суммадагы акчаны бөлүп беришибиз керек, ушул маселе биринчи орунда турат, ушуну чечмейинче өнүгүүбүз токтоп калат”, деп отурабыз. Ошол эле маалда жүздөгөн гектар жерибизди коңшу өлкөгө берип жатабыз, анткени бюджетте акча жок деп отурабыз. Ал жерде бюджеттен акча бөлүнсүн дептир, бирок акча берилбептир. Ушундай конкреттүү көйгөйлөрдү чечкенге үйрөнүшүбүз керек да. Мына, жээктер азыр деле корголо элек. Февраль айынан тартып эле бекемдей берсе болот экен. Биз дагы бир жылды өткөрүп жатабыз. Дагы канча жер агып кетет. Эң негизги көйгөйлөр ушулар да”,-деген Көкүлов.

“Азаттык” 20-апрелде “Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды” деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. Кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясы сол жээгин кемирип, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан. Мындан эки жылга жакын убакыт мурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкө кеминде 800 гектардай жеринен ажыраганын билдирген жана бул жагдайды президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан.

2012-жылы Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөттү жыл сайын Чүй дарыясын бекемдөө иштерине 200 миллион сом бөлүп берип турууга милдеттендирген.

Кыргыз тарап 2013-жылы дарыянын сол жээгин иликтеп чыгып, кооптуу, дамба курулушу керек деген жалпы узундугу 65,5 чакырымды түзгөн 193 тилкени тактаган.

Чүй: чек арага жакын жерде казакстандык жоокердин сөөгү табылды

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кыргыз-казак чек арасына жакын жерде табылган жоокердин сөөгү тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, милицияга 10-апрелде кечки саат 6ларга жакын адамдын өлүгү табылганы тууралуу кабар түшкөн. Күч кызматкерлери барганда аскага өзүнүн куру менен асылып турган жоокердин сөөгүн көрүшкөн.

Текшерип-иликтөөнүн жүрүшүндө ал 2003-жылы туулган Казакстандын жараны болуп чыккан. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө-тактоо иштери уланып жатат.

Казакстан кыргыз жарандары үчүн чек араны ачуу маселесин карайт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан «Европа биримдиги жана Борбор Азия» экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда коронавирус инфекциясына каршы вакцина алган Кыргызстан жарандары үчүн Казакстандын өткөрүү пункттарын ачуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Эки өлкөнүн тармактык министрликтери бул маселени карап чыгат.

Кыргызстан менен Казакстандын чек ара өткөрүү бекеттери 2020-жылдын жазынан бери кырыгызстандыктар үчүн жабык. Кыргыз жарандары коңшу өлкөгө учак менен гана бара алышат. Ошол эле маалда Казакстан жарандары Кыргызстан чек араларынан эркин өтө алышат, алар үчүн чектөө жок.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары соода-экономикалык, агрардык жана энергетикалык тармактарда кызматташуу маселелерин да талкуулашты. Акылбек Жапаров эки өлкө президенттери мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээлин 1 миллиард АКШ долларына жеткирүү милдетин коюшкандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун алкагында дүң-бөлүштүрүү борборлорун куруу, казакстандык инвестицияларды тартуу менен өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Ысык-Көлдө казакстандык пансионаттардын иштеши боюнча маселелер каралды.

Чүй дарыясынын жээгин суу жеп, Кыргызстан 800 гектар жеринен ажырады

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 22-июнда басма сөз жыйынында билдирди. Министр анда “Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери талапка ылайык жүрбөгөндүктөн Кыргызстан 800 гектар жеринен айрылды”, деп айтты.

“Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын аныктап турган Чүй дарыясынын жээгинде дамбалардын жоктугунан, дарыянын жээгин суу жеп, анын нугу жыл санап Кыргызстандын аймагына кирип жатат. Бул жаатта иштер активдүү башталды, маселе президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө”,- деди Ажикеев.

Былтыр март айында Чүйдүн Кемин районунда Чым-Коргон айылынын айрым тургундары Чүй дарыясынын нугу бузулуп, чек ара сызыгы өзгөргөнүн айтып чыгышкан. Маселени мекеме аралык комиссия териштирери айтылган.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Чым-Коргонго жакын Чүй дарыясы аркылуу өткөн кыргыз-казак чек ара сызыгы калыбында турганын билдирип, жергиликтүү калктын “суунун нугу бери бурулуп, жер тилкеси Казакстанга өтүп кетти” деген маалыматын жалганга чыгарган.

Жогорку Кеңеш 2014-жылы Чүй дарыясынын табигый нугун сакташ үчүн суу бойлой кеткен жээктерде кум менен шагыл казуу иштерине тыюу салуу тууралуу өкмөткө сунуш киргизген.

Кыргыз-казак чек арасынын кайсы бир бөлүгү Чүй суусун бойлоп өтөт. Эки тараптын чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1257 чакырым. Чек араны демаркациялоо тууралуу келишимге 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган.

Меню