Menu

Кыргыз-тажик мушташы

Иркутск: мушташка катышкан кыргыз жана тажик мигранттары элдешти

Иркутск шаарындагы калайман мушташка катышкан кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар Курман айт майрамынын алдында элдешти. Бул тууралуу аталган калаадагы тажик коомчулугунун башчысы Алишер Ширинов билдирди.

Анын айтымында, тараптар мындан кийин бул сыяктуу жаңжалдардын кайталанышына жол бербөө боюнча макулдашты.

Иркутск шаарындагы Ковыктинск газ кенинде иштеген кыргыз жана тажик жарандарынын ортосундагы калайман мушташ 23-июнда болгон. Анда тогуз киши – Кыргызстандын беш, Тажикстандын төрт жараны жараат алып, 30дан ашык адам кармалганы кабарланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мушташка 500дөн ашык киши катышканын, ага түшкү тамактануу үчүн ашканага кезек талашуу себеп болгонун билдирген.

Орусиянын басылмалары укук коргоо органдары бул окуя боюнча тергөө иштерин улантып жатканын жазууда.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттар арасында калайман мушташтар көп катталат.

3-июнда Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын калайман мушташы болгон. Анда Кыргызстандын бир жараны ооруканага жеткирилген. Полиция беш кыргыз жаранын кармап, үчөөнү тергөө аяктаганча эч кайда чыкпоо шарты менен кое берген, калган экөө камалган. Полиция бул фактыга байланыштуу “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Иркутскидеги кыргыз-тажик мигранттарынын мушташынан кийин 10 киши кармалганы кабарланды

Иркутск полициясы Ковыктинск газ кенинде иштеген кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар ортосунда 23-июнда чыккан калайман мушташтын он катышуучусун камакка алды.

Бул тууралуу “Озоди” радиосу Иркутскидеги тажик диаспорасына таянып жазды. Жергиликтүү маалымат каражаттары мушташта тогуз киши жабыркап, жыйырма чактысы кармалганын жазган. Күбөлөрдүн айтымында уруш ашканадагы кезек күтүүдөн улам чыккан.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жараат алган беш адам менен байланышкан. Алардын бири ооруканага жаткырылган. Иркутскидеги тажик диаспорасы кармалгандар эки тараптан тең бар экенин билдиришкен.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттар арасында калайман мушташтар көп катталып келет.

3-июнда Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын калайман мушташы болгон. Кыргызстандын бир жараны ооруканага жеткирилген. Полиция беш кыргыз жаранын кармап, үчөөнү тергөө аяктаганча эч кайда чыкпоо шарты менен кое берген, калган экөө камалган. Полиция бул фактыга байланыштуу “бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

ТИМ: Иркутскидеги кыргыз-тажик мушташына 500дөн ашуун адам катышкан

23-июнда Орусиянын Иркутск облусундагы Жигалов районундагы газ кенинде иштеген кыргызстандык жана тажикстандык жарандардын ортосунда калайыман мушташ чыккан.

500дөн ашуун адам катышкан мушташта беш кыргызстандык жаран түрдүү жаракат алган, бир адам ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, Орусиядагы элчилик жабыркаган кыргыз жарандары менен байланышып, укуктук жардам берип жатканын маалымдады.

“Элчиликтин консулу Иркутск шаарында окуя болгон жакка барып, жергиликтүү укук коргоо кызматтарынын өкүлдөрү менен жолугат жана кыргызстандык жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтөт”, -деп кабарлады Тышкы иштер министрлиги.

Маалыматта айтылгандай, калайман мушташ фактысы боюнча Орусиянын күч кызматтары тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул маселе Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жана Иркутск шаарындагы консулдун көзөмөлүнө алынган.

Орусиянын жергиликтүү басылмалары жана соцтармактарда Иркутскиде иштеп жаткан кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын калайман мушташы болгону тууралуу маалымат тараган. Алардын саны болжолдуу 300-500 болушу ыктымалдыгы жазылган. Мушташтын себеби түшкү тамактануу үчүн ашканага кезек талаш болгону айтылып жатат. Маалыматтарга ылайык, мушташ түшкү тамактан чыккандан кийин болгон.

Орусияда буга чейин дагы Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар мушташкан, кыргыз жарандары камалган учурлар катталган.

3-июнда Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын калайман мушташы болгон. Кыргызстандын бир жараны ооруканага жеткирилген. Полиция беш кыргыз жаранын кармап, үчөөнү тергөө аяктаганча эч кайда чыкпоо шарты менен кое берген, калган экөө камалган. Полиция бул фактыга байланыштуу “бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

ИИМ: Москва облусунун Химки шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын 4 жаранын бычактап кетишкен

2021-жылы 10-июлда социалдык тармактарда, анын ичинде “WhatsApp” мессенджери аркылуу чыр-чатактын катышуучулары ооруканага тез жардам унаасында бычактан алган жаракаттары менен жеткирилип жаткандыгын билдирген фото жана видео материалдарды таратышкан. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул факты боюнча төмөнкүлөр аныкталган, 2021-жылдын 9-июлунан 10-июлуна караган түнү Москва облусунун Химки шаарында “Блок Пост” бильярд клубунда эки топтун ортосунда болгон пикир келишпестиктен улам мушташ чыгып, анын кесепетинен белгисиз адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын 4 жараны бычактан жаракат алган. Бул жарандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Долгопрудный №1 борбор шаардык ооруканасына тез жардам бригадасы тарабынан жеткирилген. Андан кийин аларга амбулатордук дарылануу дайындалган.
Бул факт боюнча Москва облусунун Химки шаарынын аймактык полиция бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Курал же курал катары колдонулган буюмдарды колдонуу менен жасалган ээнбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Көрүлгөн чаралардын негизинде жогоруда факт боюнча 2021-жылдын 15-июлунда Россия Федерациясынын полиция кызматкерлери 2 жаранды кармашып, алар күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышкан.
Учурда кармалган адамдар менен жабырлануучулардын – Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда бардык зарыл болгон процесстик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Меню