Menu

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу

Акылбек Жапаров: "Камбарата-1" ГЭСинин курулуш баасы $5-6 миллиард, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунуку $5-7 миллиард болот

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы жайкы тыныгуудан кийин 1-сентябрда ишин расмий баштады.

Жыйында сүйлөгөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда парламенттин кароосунда 121 мыйзам долбоору турганын белгиледи.

“Парламенттин биринчи сессиясында өкмөт 124 мыйзамдын долбоорун сунуштап, анын 71и парламентте кабыл алынып, президент 67 мыйзамга кол койду. Азыр карооңуздарда 121 мыйзам долбоору турат. Биз “Камбар-Ата-1″ ГЭСин куруу долбоорун баштадык. Биздин эксперттердин эсебинде, бул 5-6 миллиард долларлык экономикабыздагы ири долбоорлордун бири. Буга байланыштуу бир топ мыйзамдарга да өзгөртүү киргизишибиз керек. Силер менен чогуу суроо-талаптарыбызды чечебиз деген үмүтүбүз бар. 15-16-сентябрда ШКУнун Самарканддагы жыйынында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча келишимге кол коюларын күтүп жатабыз. Божомолдор боюнча жылдын экинчи жарымында техникалык-экономикалык негиздемеси бүтөт, 5-7 млрд доллар керектелет”, – деди Жапаров.

8-июнда Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык көрүүгө старт берип, гидротоннель түшчү жерде жардыруу болгон. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Расмий Бишкек Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин маалымдаган. Муну кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да ырастаган. Анда тараптар бир катар маселелер боюнча мунаса тапканы жана Кыргызстандын аймагындагы долбоордун багыты аныкталганы кабарланган.

Кытайды Борбор Азия менен туташтырган темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашык убакыттан бери жүрүп келет. Ал жол аймактык жана дүйнөлүк мааниге ээ болуп, Перс булуңуна чыкчу жаңы соода каттамын ачмак.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушун талкуулоо үчүн Кытайдан 80 адис келди

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо ишин жүргүзүү үчүн Кыргызстанга Кытайдын долбоорлоо мекемесинин 80 адиси келди.  Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Министрлик Кыргызстан жетекчилиги долбоордун тез ишке ашырылышына кызыктар экенин, буга байланыштуу техникалык-экономикалык негиздемени ылдам бүткөрүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын белгиледи.

Транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев 4-августта Кытайдын China Railway First Survey and Design Institute (Кытайдын темир жол куруу корпорациясынын биринчи долбоорлоо-изилдөө институту) ишканасынын делегациясы менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулаган. Жолугушууда биргелешкен жумуштарды ылдамдатуу зарылчылыгы айтылган.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимге Шанхай кызматташтык уюмунун сентябрда өтө турган саммитинде кол коюларын 3-августта Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов журналисттерге билдирген.

21-июлда Борбор Азия мамлекет башчыларынын Чолпон-Атадагы жыйынында да бул жолдун мааниси тууралуу сөз козголгон. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу аймактын эл аралык соодасын, инвестициялык жана транзиттик потенциалын жогорулатары айтылган.

Жолдун наркы болжол менен 5 миллиард долларга бааланган, бирок али бир дагы тарап мындай ири көлөмдөгү каражатты сарптоого даяр экендигин билдире элек.

Акыркы жылдары темир жол багытынын бир нече версиясы талкууланган. Бүгүнкү күндө эң эле алгылыктуусу катары Торугарт−Арпа−Макмал−Жалал-Абад темир жолу болорун май айынын башында “Кыргыз темир жолунун” жетекчиси Азамат Сакиев билдирген. Дагы бир вариант – 8 чакырымга кыска Кара-Суу аркылуу өтө турган багыт.

Меню