Menu

Логистикалык борбор

Өкмөт Ош облусунун Кара-Суу районунда индустриалдык-логистикалык борбор курууга 8,0 га жер трансформациялап берди

Нариман айыл аймагындагы №232 контурда жайгашкан  8,0 га жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу району “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына индустриалдык-логистикалык борбор куруу үчүн которулган (трансформацияланган). Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, индустриалдык-логистикалык борбордун ишке кириши менен 100гө жакын жумушчу орун түзүлөт.

Индустриалдык-логистикалык борбордун базасында өнөр жайлык-өндүрүштүк компонент катары  кургатылган жемиштерди вакуумдук муздатуу жана өзүнчө кургатуу жолу менен өндүрүү ишке киргизилет.

Меню