Menu

Мамлекеттик кызмат

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы №631 токтомуна ылайык, КРнын дипломатиялык кызматындагы бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялайт:
1. Эл аралык-укуктук департаментинин Көп тараптуу келишимдер бөлүмүнүн атташеси;
2. Экономикалык дипломатия департаментинин Экспортту жана туризмди илгерилетүү бөлүмүнүн атташеси (2 бирдик);
3. Экономикалык дипломатия департаментинин Инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн атташеси;
4. Консулдук департаменттин Экспертиза, документтештирүү жана визалык иш бөлүмүнүн Докменттештирүү секторунун атташеси;
5. Кадрдык саясат бөлүмүнүн атташеси;
6. КР ТИМинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси (2 бирдик) – (иштеген жери Баткен жана Жалал-Абад ш.);
7. Валюта-финансы департаментинин Кирешелерди эсепке алуу секторунун башкы адиси;
8. Валюта-финансы департаментинин Чет өлкөдөгү мекемелер секторунун башкы адиси;
9. Валюта-финансы департаментинин Талдоо жана пландаштыруу секторунун башкы адиси;
10. Валюта-финансы департаментинин Талдоо жана пландаштыруу секторунун жетектөөчү адиси.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
-арыз (бош кызмат ордун так көрсөтүү менен) эки нускада;
-сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
-өмүр баян (соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
-резюме;
-3х4 сүрөтү (2 д.);
-Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
-зарыл болгон кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган документтер (нотариалдык түрдө же иштеген жери боюнча кадрлар башкармалыгынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификацияны жогорулатуу, илимий даражаны ыйгаруу тууралуу документтердин көчүрмөсү);
-сунуштама каттар (бар болсо).
Документтердин көчүрмөсү нотариалдык түрдө же иштеген жери боюнча кадрлар башкармалыгынан күбөлөндүрүлүшү зарыл. Документтердин түп нускасы сынакка арыз тапшырууда көрсөтүлөт.
Сынакка катышуу үчүн документтер көктөмөгө тиркелип, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кадрдык саясат бөлүмүнө берилиши зарыл. Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57.
Документтер 2023-жылдын 25 мартынан тартып 06 апрелин камтуу менен иш күндөрү саат 10.00дөн 17.00гө чейин кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды (0312) 62 50 87, 62 66 57 телефондору аркылуу, КР ТИМдин www.mfa.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекетиик агенттигинин www.mkk.gov.kg расмий сайтттарынан тактаса болот.
Эскертүү: талаптарга жооп берген конкурсанттар сынакка катышуу үчүн чакырылат, андыктан байланыш үчүн колдонуудагы электрондук почта дарегин берүү зарыл.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар
1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
2. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
3. Компьютердик сабаттуулугу жана зарыл болгон программалык продуктыларды билүүсү (Word, Excel, Power Point, «ТОКТОМ Мамлекеттик Про» маалыматтык-укуктук системасы).
Санариптик компетенттүүлүккө базалык талаптар:
Жөндөмдөрү:
– тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө.
– файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (кайра атоо, көчүрүү, жайгаштыруу, жок кылуу жана кайра калыбына келтирүү);
– тышкы аралыкта орнотулган жабдууларды кошуу;
– дисктик мейкиндикти тазалоо (архивдөө);
– электрондук кат алуу жана жөнөтүү;
– издөө системалары менен колдонуу;
– ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
– социалдык тармактарда кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен өз ара аракеттенүү;
– маалыматтын өтө тез ылдамдыкта өзгөрүүсү жана маалыматтын ар түрдүүлүгү шартында маалымат базалары менен иштөө;
– статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтарды чыгаруу;
– файлдардын өлчөмүн кичирейтүү жана маалыматтардын чоӊ көлөмүн кабыл алуу/жөнөтүү;
– презентацияларды уюштуруу;
– эсептөөлөр менен байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө;
– таблица, диаграмма жана график түрүндөгү маалыматтарды берүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалымат системаларын колдонуу;
– веб-конференц-байланыштарды уюштуруунун тиркемелерин колдонуу;
– видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемени колдонуу;
– текстти оӊдоо жана редакциялоо.
– Кеӊсе техникасы менен иштөө жөндөмү:
– көчүрүүчү аппараттар;
– принтер;
– сканер;
– проектор же интерактивдик доска;
– факс;
– вируска каршы программаларды колдонуу;
– шифрлөө аркылуу маалыматтык системаларды жана маалыматтарды коргоо;
– логин жана пароль коюу;
– компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын  кичи тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
– «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
2. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;
3. Компьютердик сабаттуулугу жана зарыл болгон программалык продуктыларды  билүүсү (Word, Excel, Power Point, «ТОКТОМ Мамлекеттик Про» маалыматтык-укуктук система).
Санариптик компетенттүүлүккө базалык талаптар:
Жөндөмдөрү:
– тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
– файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (кайра атоо, көчүрүү, жайгаштыруу, алып салуу жана кайра калыбына келтирүү);
– тышкы аралыкта орнотулган жабдууларды кошуу;
– дисктик мейкиндикти тазалоо (архивдөө);
– электрондук кат алуу жана жөнөтүү;
– издөө системаларын колдонуу;
– ар түрдүү браузерлер менен иштөө;
– социалдык тармактарда кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен өз ара аракеттенүү;
– маалыматтын өтө тез ылдамдыкта өзгөрүүсү жана маалыматтын ар түрдүүлүгү шартында маалымат базалары менен иштөө;
– статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди натыйжалуу кабыл алуу үчүн маалыматтарды чыгаруу;
– файлдардын өлчөмүн кичирейтүү жана чоӊ көлөмдүү маалыматтарды кабыл алуу/жөнөтүү;
– презентацияларды уюштуруу;
– эсептөө боюнча сандык маалыматтар менен иштөө;
– таблица, диаграмма жана график түрүндөгү маалыматтарды берүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалымат системасын колдонуу;
– веб-конференц-байланыштарды уюштуруунун тиркемелерин колдонуу;
– видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемени колдонуу;
– текстти оӊдоо жана редакциялоо;
– антивирустук программаларды колдонуу.
– шифрлөө аркылуу маалыматтык системаларды жана маалыматтарды коргоо.
– логин жана паролду коюу.
– компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.
Кеӊсе техникасы менен иштөө жөндөмү:
– көчүрүүчү аппараттар;
– принтер;
– сканер;
– проектор же интерактивдик доска;
– факс.
Кызмат орундарынын бардык топтору үчүн квалификациялык талаптар
Билүү:
– «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
– «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
– «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
– «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
Эл аралык-укуктук департаментинин Көп тараптуу келишимдер бөлүмүнүн атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(1 бирдик)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– «Юриспруденция», «Юриспруденция/Эл аралык укук» адистиги боюнча жогорку кесиптик билими.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
– иш тажрыйбасына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө 1961-ж. Вена конвенциясы;
Консулдук карым-катнаштар жөнүндө 1963-ж. Вена конвенциясы;
Эл аралык келишимдердин укуктары жөнүндө 1969-ж. Вена конвенциясы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-январындагы №25 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтото туруу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) тартиби жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-сентябрындагы №113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо;
функционалдык милдеттерине ылайык англис же франсуз тилин билүү,
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.
Кошумча квалификациялык талаптар:
-иш кагаздарды жүргүзүү көндүмдөрү;
-компьютердик сабаттуулук;
-демилгелүүлүк, кунт коюучулук, командада иштөө, жоопкерчилик.
Артыкчылыктары:
– дипломатиялык кызматта бир жылдан кем эмес такшалмадан өтүү;
– Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматына тиешелүү эл аралык келишимдердин жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү тажрыйбасы;
– ченемдик укуктук актыларды, эл аралык келишимдерди, дипломатиялык протоколдун жана этикеттин нормаларын жана эрежелерин иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттене билүү;
– командировкага чыгуу мүмкүнчүлүгү.
Экономикалык дипломатия департаментинин Экспортту жана туризмди илгерилетүү бөлүмүнүн атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(2 бирдик)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык илимдер жаатында же экономика жана башкаруу багыты боюнча жогорку кесиптик билими.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
– «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы №37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы №543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгы;
Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө 1961-ж. Вена конвенциясы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы №357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболор;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо;
2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-мартындагы «Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №352 «2022-2026 жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө», №353 «2022-2026 жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомдору;
функционалдык милдеттерине ылайык англис же немис тилин билүү,
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.
Жөндөмдөрү: 
-дипломатиялык кат алышууларды жүргүзүү;
-жетекчилердин буйруктарын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-мамлекеттик жана расмий тилдерде эл алдында сүйлөө, кызматтык кат алышууну жүргүзүү;
-аныкталган чөйрөдө ишмердүүлүктү талдоо жана болжолдоо, жаралган көйгөйлөрдү чечүүдө жаӊы ыкмаларды колдонуу;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу жана стратегиялык чечимдерди сапаттуу аткаруу үчүн жоопкерчилик тартуу, кабыл алынган чечимдерге мониторинг, контроль, талдоо жана божомолдоо жүргүзүү;
-кызматтык баарлашуу, кеӊешме жана жолугушуу өткөрүү ыкмаларын билүү.
-компьютердик жана оргтехника, зарыл программалык продуктылар менен иштей билүү.
Экономикалык дипломатия департаментинин Инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(1 бирдик)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык илимдер жаатында же экономика жана башкаруу багыты боюнча жогорку кесиптик билими.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
– «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы №37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы №543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгы;
1961-ж. Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы №357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболор;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо;
2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-мартындагы «Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы №543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролу жөнүндө» Жарлыгы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №352 «2022-2026 жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө», №353 «2022-2026 жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомдору;
функционалдык милдеттерине ылайык немис же франсуз тилин билүү,
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.
Жөндөмдөрү:
-дипломатиялык кат алышууларды жүргүзүү;
-жетекчилердин буйруктарын сапаттуу аткаруу;
-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду даярдоо;
-тиешелүү чөйрөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;
-кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
-мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-командада иштөө.
Көндүмдөрү:
-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-мамлекеттик жана расмий тилдерде эл алдында сүйлөө, кызматтык кат алышууну жүргүзүү;
-аныкталган чөйрөдө ишмердүүлүктү талдоо жана болжолдоо, жаралган көйгөйлөрдү чечүүдө жаӊы ыкмаларды колдонуу;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу жана стратегиялык чечимдерди сапаттуу аткаруу үчүн жоопкерчилик тартуу, кабыл алынган чечимдерге мониторинг, контроль, талдоо жана божомолдоо жүргүзүү;
-кызматтык баарлашуу, кеӊешме жана жолугушуу өткөрүү ыкмаларын билүү.
-компьютердик жана оргтехника, зарыл программалык продуктылар менен иштей билүү.
Консулдук департаментинин Экспертиза, документтештирүү жана визалык иш бөлүмүнүн Документтештирүү секторунун атташеси
бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(1 бирдик)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык илимдер же экономика жана башкаруу багыттагы, эл аралык мамилелер боюнча багыттагы жогорку адистик билими.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялар:
Билүү:
«Тышкы миграция жөнүндө», «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө», «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө»; «Нотариат жөнүндө», «Жарандык абалдын актылары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгы;
Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө1961-ж. Вена конвенциясы;
Консулдук карым-катнаштар жөнүндө 1963-ж. Вена конвенциясы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы №357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболор;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы №155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускама;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы №839 токтому менен бекитилген Консулдук жыйымдар жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы №384 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө», жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы №412 Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-чаракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускама;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 74 Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу документтерди талап кылуу тартиби жөнүндө нускама;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 «Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 «Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» токтому;
функционалдык милдеттерине ылайык англис тилин билүү,
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.
Жөндөмдөрү:
дипломатиялык кат алышууну жүргүзүү;
ишмердиктин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмдүн көйгөйлөрүн чечүү ыкмаларына талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг, контролдоо жана интеграциялоо жүргүзүү;
башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын кесипеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана жоюу;
алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
өзүнүн жана түзүмдүк бөлүктүн ишин эффективдүү пландоо;
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактаржы жөнгө салуу;
Көндүмдөрү:
түзүмдүк бөлүктүн аналитикалык жана стратегиялык документтерин, отчетторун жана иш пландарын иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүктү башкаруу (кол астындагылардын ортосунда тапшырмаларды тең бөлүштүрүү, аларга мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана пикирлерин сапаттуу жеткирүү, ыкчам даярдык, башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө);
маалыматты талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
эффективдүү мамиле куруу, этикет ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде эл алдында сүйлөө жана кызматтык кат алышууну жүргүзүү;
компьютер жана оргтехника, керектүү программалык продуктылар менен иштей билүү.
Кадрдык саясат бөлүмүнүн атташеси
бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(1 бирдик)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык, социалдык илимдер жаатында же экономика жана башкаруу багыты боюнча жогорку кесиптик билими.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт;
3. Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы №357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболор;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 «Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө» Жарлыгы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 «Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө» токтому;
«Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №264 токтому;
функционалдык милдеттерине ылайык англис же немис тилин билүү,
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.
Жөндөмдөрү:
иш кагаздарын жүргүзүү;
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаны талдоо жана практикалык ишмердикте аны колдонуу;
кызматтык милдеттерине ылайык өз ишмердигин эффективдүү пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жооп даярдоо;
мамлекеттик жана расмий тилдерде кызматтык кат алышууну жүргүзүү;
командада иштөө.
Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
компьютер жана оргтехника, керектүү программалык продуктылар менен иштей билүү.
дипломатиялык кызмат органдарында референттик кылуу/такшалмадан өтүү.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Баткен шаарындагы пунктунун атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(Баткен шаарында туруктуу иштөө жери)
(1 бирдик)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык, социалдык илимдер жаатында же экономика жана башкаруу багыты боюнча жогорку кесиптик билими.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы №37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы №543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктуү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгы;
Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө 1961-ж. Вена конвенциясы;
Консулдук карым-катнаштар жөнүндө 1963-ж. Вена конвенциясы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы №357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболор;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы №659 «Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жана дипломатиялык номердик белгилерди каттоонун маселелери жөнүндө» жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы №155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускама;
функционалдык милдеттерине ылайык англис тилин билүү
Фарси жана өзбек тилдерин билүү артыкчылыктуу.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.
Жөндөмдөрү:
дипломатиялык кат алышууну жана иш кагаздарын жүргүзүү;
маалымат жыйноо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
тиешелүү жааттагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны иш жүзүндө колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
кызматтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
жаңы эмгек шарттарына ылайыкташуу.
Көндүмдөрү:
жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү;
аналитикалык документтерди түзүү;
ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
компьютер жана оргтехника, керектүү программалык продуктылар (“Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасы, Word, Excel, АСКИД, АКСЕСС) менен иштей билүү.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Жалал-Абад шаарындагы пунктунун атташеси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(Жалал-Абад шаарында туруктуу иштөө жери)
(1 бирдик)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– гуманитардык, социалдык илимдер жаатында же экономика жана башкаруу багыты боюнча жогорку кесиптик билими.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө», «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы №37 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы №543 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктуү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгы;
Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө 1961-ж. Вена конвенциясы;
Консулдук карым-катнаштар жөнүндө 1963-ж. Вена конвенциясы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы №357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболор;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы №659 «Чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредитациялоонун жана дипломатиялык номердик белгилерди каттоонун маселелери жөнүндө» жобо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы №155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускама;
функционалдык милдеттерине ылайык англис тилин билүү;
Фарси жана өзбек тилдерин билүү артыкчылыктуу.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.
Жөндөмдөрү:
дипломатиялык кат алышууну жана иш кагаздарын жүргүзүү;
маалымат жыйноо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
тиешелүү жааттагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны иш жүзүндө колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
кызматтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
жаңы эмгек шарттарына ылайыкташуу.
Көндүмдөрү:
жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү;
аналитикалык документтерди түзүү;
ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
компьютер жана оргтехника, керектүү программалык продуктылар (“Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системасы, Word, Excel, АСКИД, АКСЕСС) менен иштей билүү.
Валюта-финансы департаментинин Кирешелерди эсепке алуу секторунун башкы адиси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(1 бирдик)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– Экономикалык илимдер, бухгалтердик эсеп жана финансы жаатындагы жогорку кесиптик билим.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы иш тажрыйбасы жалпысынан 1 жылдан кем эмес, же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес;
3. Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
“Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2013-жылдын 30-декабрындагы №221-П буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунун бухгалтердик эсебин уюштуруу жөнүндө жобо;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы №357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболор;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо;
Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө 1961-ж. Вена конвенциясы;
Консулдук карым-катнаштар жөнүндө 1963-ж. Вена конвенциясы;
функционалдык милдеттерине ылайык англис тилин билүү
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.
Жөндөмдөрү:
маалымат жыйноо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
кесиптештер менен эффективдүү иштөө;
кызматтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
жаңы эмгек шарттарына ылайыкташуу;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
Көндүмдөрү:
аналитикалык документтерди түзүү;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
компьютер жана оргтехника, керектүү программалык продуктылар (1С) менен иштей билүү.
Валюта-финансы департаментинин Чет өлкөдөгү мекемелер секторунун башкы адиси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(1 бирдик)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– Экономикалык илимдер, бухгалтердик эсеп жана финансы жаатындагы жогорку кесиптик билим.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы иш тажрыйбасы жалпысынан 1 жылдан кем эмес, же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес;
3. Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
“Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө 1961-ж. Вена конвенциясы;
Консулдук карым-катнаштар жөнүндө 1963-ж. Вена конвенциясы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы №357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболор;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-сентябрындагы №113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо;
функционалдык милдеттерине ылайык англис тилин билүү.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.
Жөндөмдөрү:
маалымат жыйноо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
кесиптештер менен эффективдүү иштөө;
кызматтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
жаңы эмгек шарттарына ылайыкташуу;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
Көндүмдөрү:
аналитикалык документтерди түзүү;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
компьютер жана оргтехника, керектүү программалык продуктылар (1С) менен иштей билүү.
Валюта-финансы департаментинин Талдоо жана пландаштыруу секторунун башкы адиси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(1 бирдик)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– Экономикалык илимдер, бухгалтердик эсеп жана финансы жаатындагы жогорку кесиптик билим.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
-мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы иш тажрыйбасы жалпысынан 1 жылдан кем эмес, же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес;
3. Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
“Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө 1961-ж. Вена конвенциясы;
Консулдук карым-катнаштар жөнүндө 1963-ж. Вена конвенциясы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы №357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболор;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо;
функционалдык милдеттерине ылайык англис тилин билүү.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.
Жөндөмдөрү:
маалымат жыйноо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
кесиптештер менен эффективдүү иштөө;
кызматтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
жаңы эмгек шарттарына ылайыкташуу;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
Көндүмдөрү:
аналитикалык документтерди түзүү;
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
компьютер жана оргтехника, керектүү программалык продуктылар (1С) менен иштей билүү.
Валюта-финансы департаментинин Талдоо жана пландаштыруу секторунун жетектөөчү адиси бош кызмат ордуна квалификациялык талаптар
(1 бирдик)
1. Кесиптик билим деңгээли:
– Экономикалык илимдер, бухгалтердик эсеп жана финансы жаатындагы жогорку кесиптик билим.
2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенциялары:
Билүү:
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
“Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө 1961-ж. Вена конвенциясы;
Консулдук карым-катнаштар жөнүндө 1963-ж. Вена конвенциясы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы №357 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттеги консулдук мекемеси жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө жоболор;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №113 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобо;
функционалдык милдеттерине ылайык англис тилин билүү.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү.
Жөндөмдөрү:
иш кагаздарын жүргүзүү;
жогору турган жетекчилердин буйруктарын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү жааттагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны иш жүзүндө колдонуу;
– кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу
жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана расмий тилдерде кат алышууну жүргүзүү;
– командада иштөө.
Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
программалык продуктылар (1С) менен иштөөнү билүү.

1-августтан тарта өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Бул чечимдин негизги максаты – өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан кызыктыруу жана шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу.

Мамлекет башчысы калктын түрдүү катмарларынын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп жатат.

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү жана социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды. Өткөн жылы аскер кызматкерлерине, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине дагы эмгек акы төлөөнүн жаңы деңгээли белгиленген.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын категориялар боюнча жогорулатуу төмөнкүдөй:

Министрликтер

Маселен, министрликтин бөлүм башчысынын учурдагы акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы орточо эсеп менен 34 миң 445 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 67 749 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 196,7%ды түзөт.

Мисалы, министрликтин жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 21 098 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 49 012 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 232,3% түзөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА)

Маселен, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 22170 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 41 319 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 186,4%ды түзөт.

Мисалы, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетектөөчү адисине учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарыны ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эсепке алуу менен чегерилген эмгек акысы 18 213,4 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 35 940 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 197,3% түзөт.

Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү (АБ)

Маселен, аймактык бөлүмдүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 17 637,5 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 38 830 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 220,2%ды түзөт.

Мисалы, аймактык бөлүмдүн жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 14 442,4 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 32 110 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 222,3%ды түзөт.

Райондук маанидеги шаар мэриялары

Маселен, мэриянын бөлүм башчысынын учурдагы акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 16881,3 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 39 785 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 235,7%ды түзөт.

Мисалы, мэриянын жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 13813,2 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 34 708 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 251,3% түзөт.

Айыл өкмөттөрү

Маселен, айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 16 125 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 33 851 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 209,9% түзөт.

Мисалы, айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин эмгек акы төлөөнүн учурдагы шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 13 миң 184 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акы 27 706 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 210,1% түзөт.

Акылбек Жапаров: Августтан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы көбөйөт

Августтан тартып Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өкмөт башчы айлык канча пайызга жогорулай турганын тактаган жок.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 28 миңге чамалайт.

Кыргызстанда бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 1-апрелден тартып 50-80% чейин көбөйгөн. Анын ичинде педагогдуку 80%, административдик башкаруу кызматкерлериники 50%, техникалык жана кенже кызматкерлердин айлык акысы 80% жогорулаган.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд. сому билим берүү тармагына кеткен. Андан сырткары дарыгердин айлыгына 50%, маданият чөйрөсүндө иштегендердин акчасына 80% кошулган.

Меню