Menu

Михаил Мишустин

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков менен премьер-министр Михаил Мишустиндин уулдары аскерге мобилизациялоого баруудан баш тартышты

Шаршембиде “Популярная политика” YouTube-каналынын алып баруучулары Орусия Федерациясынын жогорку кызматтагы аткаминерлеринин жакын туугандары делген бир нече кишиге түз эфирде чалган.

Алып баруучу өзүн аскердик комиссариаттын кызматкеримин деп тааныштырып, маектештерине мобилизация жараянына тартылууга чакырган.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун уулу Николай катары тааныштырылган абонент аскердик комиссариатка келүүдөн баш тарткан.

“Сиз менин Песков мырза экенимди билсеңиз, менин ал жерге барышым канчалык туура эмес экенин түшүнүшүңүз керек”, -деген ал маселени башка деңгээлде чечүүгө убада берген.

Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков уулу Николай “жалгыз туура тандоону” жасоодон баш тартканына ишенбей турганын айтып, анын сөзү бурмаланганын билдирди. Бирок чалуу түз эфирде көрсөтүлгөн.

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин уулу катары тааныштырылган абонент Алексей Мишустин мобилизацияга кирбей турганын, себеби Жогорку экономика мектебинде магистратурада окуп жатканын айткан. Ошол эле маалда ал согушууга ниети жоктугун жана өз билими менен алектенүүнү каалай турганын кошумчалаган.

Росгвардиянын башчысы Виктор Золотовдун небереси Артём Чечихин ушул тапта аскерде кызмат өтөп жатканын жана командир койгон тапшырмаларды аткарууга даяр экенин, бирок аскердик келишимге кол койбой турганын айткан.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Мунун алкагында согушка запастагы жоокерлер тартылары кабарланган. Коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация жарлыгынын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтып, бул мындан ары да пландуу улантыларын билдирген.

1-декабрдан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аба каттамдары көбөйөт

1-декабрдан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы туруктуу аба каттамдарынын саны көбөйөт. Бул тууралуу Москвага жумушчу сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукканда белгилүү болду.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өкмөт башчылары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетикалык тармактардагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин да талкуулады.

Ошол эле маалда тараптар Кыргызстанга билим берүү мекемелерин куруу долбоорун эртерээк баштоо маселесин сүйлөштү. Быйыл февралда президент Садыр Жапаров Орусияга барганда Москва Кыргызстанга орусча окута турган 44 мектеп курууга убада берген.

Мындан тышкары эки өлкөнүн өкмөт башчылары салык жана бажы системаларын санариптештирүү, анын ичинде салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу маселелерин талкуулап, Кыргызстанда маалыматтарды иштеп чыгуунун заманбап борборун түзүү зарылдыгын белгилешти. “Биз үчүн Орусиянын бул багыттагы тажрыйбасы өтө маанилүү”, — деди Жапаров.

Өз кезегинде Михаил Мишустин орус тарап “эки тараптуу кызматташтыкты биргелешкен долбоорлор менен толуктап, жаңы деңгээлге чыгарууга” кызыкдар экенин белгиледи.

Буга чейин “Азаттык” радиосу ишенимдүү булактарына таянып, Жапаров Мишустин менен жолугуп, кыргыз-орус кызматташтыгын, анын ичинде энергетика, күйүүчү май боюнча маселени талкуулай турганын кабарлаган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылдын октябрь айынан бери өлкөдө АИ-95 жана АИ-92 бензинин бир литри 25-27 сомго, дизель отуну 32-33 сомдон 54 сомго чейин кымбаттаган. Кыргызстан мунайдын 95% Орусиядан сатып алат.

Меню