Menu

Пияз

КР Айыл чарба министрлиги сыртка пияз экспорттоого уруксат берди

Айыл чарба министрлиги сыртка пияз экспорттоого салынган тыюуну алды. Мекеменин басма сөз кызматы мындай чечим ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо жана экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында кабыл алынганын билдирди.

Кыргызстанда пиязды сыртка экспорттоого 31-январда үч айга тыюу салынган. Пияздын бардык түрүнө байланыштуу мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанилүү товарлардын баасынын жогорулап кетишине жол бербөө максатында көрүлгөнү белгиленген.

18-январда Казакстандын өкмөтү да өлкө ичиндеги бааларды турукташтыруу үчүн пияз экспортун үч айга токтоткон.

“Үчүнчү өлкөлөрдө казак пиязына болгон суроо-талаптын өсүшү Пакистандагы жаратылыш кырсыктарына байланыштуу. Бул өлкө Азиядагы жана дүйнөдөгү ири пияз өндүрүүчү болуп эсептелет. Андагы суу ташкындарынан улам пияздын дүйнөлүк, анын ичинде биздин өлкөдөгү баасы да кыйла жогорулады”, – деп жазылган Казакстандын Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүндө.

Январда Тажикстандын өкмөтү сыртка пияз, картөшкө жана сабиз экспорттоого тыюу салган. Анда мындай чечим айыл чабра азыктарынын баасы жогорулап кеткенине байланыштуу кабыл алынып, “базар турукташканга чейин” күчүндө болору кабарланган.

Меню