Menu

Руслан Девяткулов

УКМК: Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы директору Руслан Девяткулов кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Бишкек шаарынын Түштүк-Чыгыш бөлүгүндө жана Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан аймакта берилген жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, түштүк чоң Чүй каналынын боюндагы суу коргоо зоналарынын жерлерин жеке жактарга жана курулуш уюмдарына мыйзамсыз берүү фактылары жана ошондой эле шаар курулушун, уруксат берүүчү жана укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүүнүн фактылары аныкталды.

Такталгандай, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы каналдардын жээгиндеги жер тилкелерин жеке адамдардын пайдасына мыйзамсыз беришип, республиканын суу фондусунун бул максаттарга каралбаган жерлеринде көп батирлүү турак үйлөрдү жана башка курулуштарды курууга алып келгендиги аныкталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы директору Д.Р.Ж. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Меню