Menu

Селсаяк

Кадамжайда милиция кызматкерлери түнчүндө көчөдө калып калган эки жаранды үйлөрүнө жеткиришти

Кадамжай РИИБдин кызматкерлери 2023-жылдын 11-12-январь күндөрү катуу сууктан улам Кадамжай районунун аймагында “Селсаяк” аталышындагы иш-чараны өткөрүшүп, көп кабаттуу үйлөрдүн жер  төлөсүн, кароосуз калган 9  үйдү, курулган имараттарды жана адам жашабаган 198 турак үйдү, кооптуу болгон аймактарды жана коомдук жайларды текшеришти.

Түнкүсүн дагы кайгулдоо иштерин алып барышып, спирт ичимдигин ичип көчөдө калып кеткен эки жаранды үйлөрүнө жеткиришти.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен район аймагын кыдырышып, жарандарга бир иреттен суукка жаш балдарын кароосуз калтырбоо жагы эскертилди.

Меню