Menu

Сокулук

Ак-Ордодогу жер маселеси: Алдамчылык жолу менен жер саткан Сокулуктун дагы бир тургуну кармалды

Президент С.Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Башкы прокуратура тарабынан Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, Тергөө башкармалыгынын тергөө тобуна жүктөлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө, жогоруда белгиленген берененин негизинде шектүү катары Э.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бөгөт коюу чарасын тандоо үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын алдында өтүнүч козгоо стадиясында турат.

Аталган жаран 2010-2019-жылдары Ак-Ордо жаӊы конушундагы №498, 511, 519 контурларда жайгашкан жалпы аянты 12,7 га үлүш жерлерин өз өзүнчө аянты 4 сотыхдан бөлүп, турак-жай курууга мыйзам талаптары боюнча жол берилбестигин билип туруп, жарандарга 1500ден 5000 АКШ долларына чейин баалап ишеним кат менен сатып жибергендиги аныкталган.

Эске салсак, аталган кылмыш ишинин алкагында, Сокулук райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Дж. аттуу жаран кармалышкан болчу.

Учурда тергөө башкармалыгы тарабынан аталган кылмыш ишке тийиштүү башка тараптарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

УКМК: Сокулукта 13 млн сомдук жер аянты мамлекетке кайтарылды, жер саткан 4 кызмат адамы жоопко тартылып, 10 кызматкер жумушунан айдалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматкерлердин арасындагы коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, КР Кылмыш0жаза кодексинин 320-береенсинин 2-бөлүмү ( Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 13 миллион сомдон ашык жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Такталган боюнча, 2012-жылдын август айындагы Сокулук райондук мамлекеттик архивинин буйругу боюнча, Сокулук районунун Новопавлов айыл аймагынын жалпы аянты 1,7 га, айыл чарба багытындагы жер аянты, социалдык объектини курууга колдонула турганы документтештирилген. Жыйынтыгында, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын кызматкерлери жер тилкесинин баштапкы документтерин атайылап жасалма жол менен түзүп, анын аянтын жасалма түрдө көбөйтүп, жеке адамдарга мыйзамсыз берилген жана жер бөлүп берген.

Жогорудагы адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында, 4 кызмат адамы жоопко тартылып, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын 10 кызматкери ээлеген кызматынан бошотулган.

Аталган адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 13 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

2021-жылдын 2-июнунда жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында көрсөтүлгөн жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар сотко жөнөтүлдү.

Меню