Menu

Сузак

УКМК: Айыл чарба жерлерин ишкердик объектилерди курууга 10 жылдан бери мыйзамсыз сатып жүргөн Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн жетекчилери кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында, Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Т.Ж. жана анын орун басары А.А.А., ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Б.И. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.   

Кармалгандар жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган деп шектелүүдө.

Тактап айтканда, Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын жергиликтүү тургундарга кезексиз жана акысыз берилүүгө тийиш болгон бир катар жер тилкелери, ошондой эле айыл чарба багытындагы категорияга кирген жер тилкелери жогорудагы кызмат адамдарынын кылмыштуу схемасыны менен кызыкдар жактарга акчалай сыйлык үчүн жасалма токтомдорду чыгаруу жолу менен сатылып кеткен.

Андан кийин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак бөлүмүнүн жооптуу адамдары Ырыс а/а кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, жерге жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик актыларды түзүшкөн.

Бул кызмат адамдарынын кылмыштуу тобу акыркы 10 жыл ичинде кызмат абалынан пайдаланып, өзгөчө маанилүү жерлерде, тактап айтканда, стратегиялык жана республикалык маанидеги “Бишкек-Ош” унаажолунун боюнда, ошондой эле ички жолдор менен магистралдык көчөлөрдүн жээгинде жайгашкан ири ишкерликти жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарга ээ жерлерди мыйзамсыз өздөштүрүшкөн.

Кызмат адамдарынын жашаган жана иштеген жеринде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалгандардын кылмыштуу аракеттеринин фактысын тастыктаган жасалмалуулуктун белгилери бар материалдар табылып, алынды.

Учурда коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды жоопко тартуу максатында жер алдамчылыгынын бир нече фактыларын документтештирүү боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК: Жер тилкелерин сатуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурганы үчүн Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан ушул жылдын 11-апрелинде Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы С.А.Н. кармалып, камакка алынды.

Тергөөнүн жүрүшүндө С.А.Н. кол алдындагы кызматкерлери жана Сузак райондук “Кадастр” жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери менен бирдиктүү кылмыштуу иш алып барышып, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча коррупциялык схеманын уюштуруучусу болгону аныкталды.

Сузак районунун “Сузак”, “Каркыра-Мисте” жана “Благовещенка” айылдарынын калкка кезексиз жана акысыз берилчү 100 бирдиктен ашык жер тилкелери С.А.Н. буйругу менен жарандарга жасалма документтердин негизинде ар бир участок 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин акча каражатына сатылып кеткен.

Сатылган жер тилкелерине жасалма каттоо маалыматтары менен жасалма укук белгилөөчү документтер берилип, андан соң “Кадастр” МИ жергиликтүү органы тарабынан жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актылар, райондук архитектура органдары тарабынан курулушка уруксат берилген.

Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасынын жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 93 857 700 сом экени аныкталды. Учурда прокуратура органдары менен биргеликте аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына кайтаруу чаралары көрүлүүдө.

Буга чейин Сузак айыл өкмөтүнүн, Сузак райондук кадастр жана архитектура башкармалыгынын 9 кызматкери жогоруда аталган жоруктарга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жер тилкелери боюнча ушул сыяктуу жаңы жагдайларды аныктоо туралуу облустун аймагында тергөө амалдары уланууда.

УКМК: Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 6 гектар жер сатканы үчүн кармалды

Мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды.

Аталган а/а жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун пайдалануу менен жеке турак жай куруу үчүн 6 гектардан ашык жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп, жер тилкелерине жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актыларды жасап беришкен.

Айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз берүүгө негиз болгон документалдык маалыматтарды аныктоо жана табуу, ошондой эле кошумча документалдык далилдерди чогултуу максатында мурдагы айыл өкмөт башчысы К.М.Ы.нын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө кылмыш ишине тиешеси бар көп сандагы токтомдор, корутундулар, топографиялык жана башка жасалма документтер табылып алынды, ошондой эле аталган даректе ок атуучу куралдар, травматикалык куралдар жана ок-дарылар мыйзамсыз сакталганы аныкталды.

Азыркы учурда КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кызмат адамдарынын кылмыш иштеринин башка фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Сузак районунун тургундарына айыл чарба багытындагы категорияга таандык жана айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү жер тилкелерин, жайыттарды жеке турак-жай куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндө токтомдор мыйзамсыз экенин билдирет.

Ушуга байланыштуу КР УКМКсы Кыргыз Республикасынын жарандарын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундарын мурда алынган документтери менен УКМКнын облустук башкы башкармалыгына келип, бул коррупциялык схемага тиешеси адамдарды жоопко тартуу боюнча тергөө иштерине көмөк көрсөтүүнү чакырат.

Меню