Menu

Талантбек Иманов

Министр Талантбек Иманов "Уландан" уурдалган миллиондор изи" иликтөөсү боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан акталганын билдирди

Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов “Уландан” уурдалган миллиондор изи” деп аталган иликтөө боюнча “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде жооп берген. Иманов тергөөдө суралганын, кылмыштын курамы жок болгондуктан иш токтотулганын билдирген.

“Кыскача айтканда “Уландын” кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыш иши болгон. Ал иш боюнча мен суралгам. Кийин кылмыштын курамы жок болгондуктан мага карата иш токтотулган”, – деп жооп берген Иманов.

20-июнда “Азаттык” радиосу “Уландан” уурдалган миллиондор изи” деген аталышта иликтөө жарыялаган.

Анда 2020-жылы май айында Дастан заводунун алдындагы “Улан” ишканасынын жетекчилиги “Альфа Легион” менен жасалма келишим түзүп, бюджеттик акчадан 54 млн. сом чыгарып кетти деп айыпталганы айтылат. Иликтөөдө мамлекеттик ишканадан миллиондор кандай жол менен чыгарылып кеткени, бул кылмышка шектелгендер соттон кантип акталганы баяндалган. Анда азыркы министр Талантбек Имановдун аты аталат.

Талантбек Иманов санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бүгүн, 6-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен Иманов Талантбек Орускулович Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Иманов Талантбек Орускуловичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынды.

Буга чейин санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевдин кызматтан алынганы кабарланган.

Меню