Menu

Украина

Киевдеги кыргыз жарандарын эвакуациялоо үчүн Венгрияга дагы бир автобус каттамы уюштурулууда

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги автобус менен Венгрияга жеткирүү үчүн Киев шаарындагы кыргыз жарандарынын тизмесин түзүүдө. Бул тууралуу 2-мартта Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден белгилешкендей, бул тизмеге кирүү үчүн кыргызстандыктар +996 551 312 000 номуру аркылуу ТИМдин Консулдук кызматынын департаменти менен байланышы керек болот.

1-мартта 114 кишиден турган кыргызстандыктардын тобу Украинадан Венгриянын баш калаасы Будапешт шаарына жеткирилгени кабарланган. Чек арадан аларды дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери тосуп алып, мейманканаларга жайгаштырышкан. Мындан тышкары дагы 90дон ашык кыргыз жараны Польшага чыгып кеткени айтылган.

Буга чейин Кыргызстандын ТИМи Украинада коопсуз турак жайы жок кыргызстандыктар үчүн Киев, Харьков жана Одесса шаарларында убактылуу кабыл алуу жайлары ачылганын билдирген.

Украинада жалпысынан Кыргызстандын 1350дөн ашык жараны бар. Бирок алардын 680и гана консулдук каттоодо турат.

Зеленский Украинанын Евробиримдикке кирүүсү тууралуу арызга кол койду

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө болуп кирүүсү тууралуу арызына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысы өзү “Телеграм-каналына” жазып, кол коюу жараянынын жана документтин сүрөтүн жарыялады.

Арыз Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйенге жазылды. Ал качан каралары жана өлкө уюмга качан кирери белгисиз. Мурдараак өлкөнүн премьер-министри Денис Шмыгал Украина уюмга атайын тартип менен кирерин билдирген.

Мунун алдында Зеленский видео кайрылуу менен чыгып, Европа Биримдигин “кечиктирилгис процедуранын негизинде” Украинаны кошуп алуусун өтүнгөн. Ал украин армиясы өз жери үчүн эле эмес, жалпы Европа үчүн согушуп жатканын белгилеп, “уюмга кошулууга татыктуу” экенин белгилеген.

Орус президенти Владимир Путиндин “Донбасстагы калкты коргоо” тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык жайкын тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, андан кийинки жагдай азырынча белгисиз.

Мунун алдында Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын армиясынын жоготуулары 5300 жоокерди түзөрүн маалымдаган. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо санала турганы кабарланган.

Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын 1000ге жакын аскердик объектисин талкалаганын гана маалымдады.

 

Киевдеги 107 кыргызстандык Венгрияга чыгып кетти

28-февралда Украинанын борбору Киевден 107 кыргызстандык, арасында 34 бала Венгрияга чыгып кеткенин элчи Идрис Кадыркулов билдирди. Автобустарды элчилик уюштурду.

Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл алчу жай ачылган.

Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуацияланат.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Беш күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катуу чабуул Киевге жасалды.

Ушу тапта Беларустун Гомел шаарында Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды.

Украинадан 30дан ашык кыргыз жараны башка өлкөгө чыгып кетти

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги мекендештерди эвакуациялоого байланыштуу соңку маалыматтарды берди. Ага ылайык, ушул тушта элчилик консулдук каттоодо турган 680 адамдын 300 менен такай байланышып жатат. Азыр Киевде 100, Одессада 90, ал эми Харьковго 80 адам бар.

27-февралга карата Польшага 14 адам чыгып кетти, дагы төртөө жолдо баратат. Молдовага 18 кыргызстандык жаран кетти. Дагы 96 кыргызстандык жаран Венгрияга, 15 адам Польшага кетүүгө камданууда. Дагы төрт жаран Румынияны көздөй жолдо баратат.

Элчилик кыргызстандыктар үчүн Киевде, Одессада, Харьковдо жана Львовдо баш калкалай турган жайлар уюштурулганын эскертти.

Ал арада Украинадагы УНИАН маалымат агенттиги орусиялык аскерлер Харьковго кирип келгенин аталган облустун башчысы Олег Синегубовго шилтеме кылып жазды. Маалыматта “украин жоокерлери оккупанттарды тазалоого аракет кылып жатканы, облус башчысы жайкын тургундары көчөгө чыкпай турууга чакырганы” айтылат.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастай элек. Социалдык тармактарда орусиялык аскерлер Харьковго киргени тартылган деген видеолор тарай баштады.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун токтото элек.

Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

Украинадагы кырдаал Борбор Азия өлкөлөрүнүн улуттук валюталарына таасир этти

Казакстандын Улуттук банкы теңгенин курсун колдоо үчүн 24-январда 104 миллион доллар интервенция жасады.

Түштөн кийин акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу 465,9 теңгеге чейин жетти. Эртең менен расмий курс 437 теңгени түзүп турган.

Орусиянын Украинага карата аскердик агрессиясы башталгандан кийин Тажикстанда рублдин сомониге карата курсу кескин төмөндөп кетти. Өлкөдөгү бир нече банк 1000 рубль 128 сомониге сатылып жатканын ырасташты. Бул 24-февраль эртең мененки көрсөткүчтөн 13 сомониге аз.

Тажикстандын Улуттук банкы өлкөдө сомониге карата рублдин курсу кескин төмөндөп кеткенин ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Бул күнү Кыргызстандын банктарында да АКШ долларынын курсу кескин көтөрүлүп, бир доллар 95 сомго чейин чыкты. Акча алмаштыруу жайларында доллардын тартыштыгы пайда болуп, кээ бир жерлерде АКШ валютасы сатылбай калды.

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногундагы олку-солку абалды Украинадагы акыркы окуялар боюнча АКШ жана Европа союзуна кирген өлкөлөр Орусияга киргизип жаткан санкциялар менен байланыштырды. Мекеме ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рыногундагы жагдай банктын көзөмөлүндө экенин билдирди.

Ошол эле кезде Орусиянын экономикасындагы өзгөрүүлөр Кыргызстандын валюта рыногуна кыйыр түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертти. Улуттук банк өлкөдөгү доллардын тартыштыгын жоюу үчүн 13 миллион 50 миң доллар интервенция жасады.

“Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн алты айын жабат. 2022-жылдын 22-февралына карата абал боюнча Улуттук банктын эл аралык резерви 2 792,4 миллион АКШ долларын түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда 24-февраль эртең менен бир АКШ доллары 84,9 сомдон сатылып жатса, түштөн кийин доллардын курсу 95 сомго чейин көтөрүлдү. Кээ бир банктардын мобилдик тиркемелеринде валюталарды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү убактылуу өчүрүлдү.

Садыр Жапаров Донбасстагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Украинанын чыгышындагы кырдаалга байланыштуу 22-февралдын кечинде билдирүү жасап, аны камтамачылык жана терең тынчсыздануу менен кабылдап жатканын жазды. Бул тууралуу позициясын мамлекет башчысы “Инстаграмдагы” жана “Фейсбуктагы” баракчаларына чыгарды.

“Кыргыз Республикасы жаңжалды жөнгө салуу боюнча бирден-бир документ болуп саналган, БУУнун Коопсуздук кеңешинин колдоосун алган Минск келишиминин негизинде иш алып барууну ар дайым жактап келген. Тилекке каршы, анын аткарылбашы азыркы татаал кырдаалга алып келди. Курмандыктарды болтурбоо үчүн кырдаалды дипломатиялык жана сүйлөшүү жолу менен гана жөнгө салуу керек деп эсептейм. Адамдын өмүрү баарынан кымбат эмеспи. Жаңжалдын мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө үчүн кырдаалды жөнгөрүүдө акыл-эстүүлүк жана токтоолук менен мамиле кылууга чакырам. Балким, бул көп сандаган орусиялык жарандар жашаган Донбасс аймагындагы жайкын тургундарды коргоо үчүн аргасыз чара болушу мүмкүн. Бул же тигил мамлекетти таануу маселеси ар бир өлкөнүн суверендүү укугу экенин белгилеп койгум келет”,- деген Садыр Жапаров өз билдирүүсүндө.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берди.

Украина президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги Киевде айыл чарба тармагы боюнча кыргыз-украин бизнес форумун өткөрдү

Кечээ, 8-июнда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Өкүлчүлүгү, Украинанын Соода-өнөр жай палатасы, Украинанын Улуттук агрардык илимдер Академиясы менен биргеликте Киев шаарында айыл чарба тармагы боюнча кыргыз-украин бизнес форумун өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчиси Ж.Шарипов өзүнүн саламдашуу сөзүндө инвестициялык климат, Кыргызстандагы агрардык сектордун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берип, украиналык ишканаларды Кыргызстандын айыл чарба тармагына активдүү инвестиция салууга жана кыргыз өнөктөштөрү менен биргеликте агро-өнөр жай ишканаларын ачууга чакырды.

Катышуучулар Кыргызстандын жана Украинанын айыл чарба тармагындагы долбоорлору жөнүндө маалымат бөлүшүп, презентацияларды көргөзүштү.

Форумдун алкагында украин ишкерлери менен B2B жолугушуулары уюштурулду.

Украинанын тажрыйбасы менен таанышуу жана изилдөө максатында кыргыз делегациясы Украинанын Улуттук агрардык илимдер Академиясынын балыкчылык, багбанчылык жана балчылык институттарына барышты.

Мындан тышкары, бизнес-форумдун катышуучулары “Агро-2021” 33-Эл аралык агро-өнөр жай көргөзмөсүнө катышты.

Бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча кыргыз жана украин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштар түзүлүп, Украинанын Улуттук илимдер академиясынын илимий институттары менен кызматташуу боюнча келишимдер түзүлдү.

Форумдун жыйынтыгында кыргыз компаниялары менен Украинанын Улуттук агрардык илимдер Академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө протоколдорго кол коюлду.

Меню