Menu

Фархад Иминов

Кылмыш иши козголуп качып жүргөн Фархад Иминов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалат

2005-жылдын март төңкөрүшүнө чейин Айдар Акаев менен дос болгон, 2010-жылдын 7-апрелиндеги куралдуу төңкөрүшкө чейин Максим Бакиев менен чоогу бизнес кылган Фархад Иминов бир топ жыл Кытайда качып жүрүп, 2015-жылы парламенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановдун “Республика-Ата-Журт” партиясы аркылуу Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

2017-жылы депутат Фархад Иминовго кылмыш иши козголуп, Кыргызстандан чет өлкөгө качып кеткен.

2021-жылы качып жүргөн Фархад Иминов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалып жаткандыгы белгилүү болду.

Айрым бир маалыматтар боюнча Фархад Иминов Казакстандын да жараны болуп эсептелет.

Меню