Menu

Чек арадан мал айдап өтүп

Чек арадан жүздөн ашык малды Өзбекстанга жана Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылгандар кармалды

24-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Монол айылында Өзбекстанга 36 баш майда малды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган үч киши кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кийинчерээк Талас облусунун Талас районундагы Тегерек-Сай жергесинде чек арачылар Казакстандан Кыргызстанга 80 баш ири мүйүздүү мал айдап өтүүгө аракет кылган адамдарды колго түшүрдү. Болжолдуу түрдө малдын жалпы баасы 12 миллион сомду (150 миң доллардан ашык) түзөт.

Чек ара кызматы кармалган адамдар жана алар айдап өтүүгө аракет кылган мал андан аркы териштирүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Меню