Menu

Шовинзм

Бишкекте азиат улутундагы адамдарды сабап, видеого тартып, социалдык тармактарда жарыялап жүргөн жашыруун улутчул топтун мүчөлөрү кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК органдары тарабынан этностор аралык негиздеги чыр-чатактардын чыгышынын себептерин жана шарттарын аныктоо, улуттар аралык негиздеги мыйзамсыз аракеттерге жана укук бузууларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда улутчулдардын жашыруун тобу иш жүргүзүп, азиат улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жаткандыгы тууралуу маалыматтар алынган. Улутчул топтун мүчөлөрү өздөрүнүн видеолорунда фашисттик символдорду колдонушкан. 

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында каралган кылмыштардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын кызматтын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, анын натыйжасында аталган топтун үч мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары С.Б.М., Н.Р.В. жана С.Г.Р. экени аныкталып, кармалды.

Тергөө иш-чараларынын алкагында кармалгандардан алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин далилдеген буюмдар алынган.

Кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда жашыруун улутчул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо КР УКМКнын ишеним телефонуна (0312 66 04 75) кайрылыңыздар.

Меню