Menu

Электрди үнөмдөө

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» жарандарды жарыкты үнөмдөөгө үндөдү

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» 6-октябрда республика боюнча электр кубатын пайдалануу көбөйгөнүн билдирип, жарандарды жарыкты үнөмдөөгө чакырды.

Компаниянын басма сөз кызматы кабарлагандай, 5-октябрда өлкөдө электр кубатын пайдалануу суткасына 40 млн кВт/саатты түзгөн. Өкмөт бекиткен лимит — болжол менен 32,5 млн кВт/саат. Сентябрда 890 млн 374 миң кВт/саат электр кубаты пайдаланылган. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине караганда 34 млн 351 миң кВт/саатка көп.

Буга байланыштуу жана Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам «Кыргызстан улуттук электр тармактары» жарандарды электр кубатын үнөмдүү пайдаланууга үндөдү.

3-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 12,3 млрд. кубометр суу топтолду. Өткөн жылы (2020-жыл) 1-октябрга карата өлкөнүн негизги суу сактагычында 15,2 млрд. куб суу топтолгон.

Электрди үнөмдөө максатында көчөлөрдө ашыкча жарыктандырууга тыюу салынды

“Улуттук энергохолдинг” ишканасы жалпы өлкө аймагындагы көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрук чыгарды.

Мындай чаралар электр энергиясын үнөмдөө максатында көрүлүп жатканын ишкананын басма сөз катчысы Азамат Курамаев билдирди. Анын айтымында, буйрукка мекеменин башчысынын орун басары Замирбек Кожомамбетов 27-сентябрда кол койгон.

“Кышкы жылуулук сезонуна карата электр энергиясын үнөмдөө максатында ашыкча энергия талап кылган жарнактык жарыктарды өчүрүү тууралуу буйрук бөлүштүрүүчү компанияларга жиберилди. Анда парктардагы жарыктарды өчүрүү тууралуу айтылган эмес”.

Маалыматка ылайык, аймактардагы бөлүштүрүүчү компанияларга таңга жуук жана кечкисин кыдырып, электр энергиясын үнөмдөөнү көзөмөлдөө боюнча тапшырма берилди.

Электр энергиясын үнөмдөө максатында ашыкча жарыктандырууга жол бербөө тууралуу буйрук “Түндүкэлектро”,”Чыгышэлектро”, “Ошэлектро” жана “Жалалабатэлектро” ишканаларына да жиберилди.

Азамат Курамаев өлкөдө электр энергиясын чектөө киргизилбегенин бекемдеп, жер-жерлерде электр энергиясы кышкы жылуулук сезонуна даярдык көрүүгө байланыштуу өчүрүлүп жатканын белгиледи.

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик жаралууда. Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү мындан тышкары кышкы жылуулук сезонунда Казакстандан да кошумча электр энергиясын алып келет.

Меню