Menu

Эрнист Апилов

КР Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Эрнист Апилов түрктөргө кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берип жүргөндүгү үчүн камакка алынды

Бишкек шаардык ИИББнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча  сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө А.Э. аттуу жаран Түркиянын жарандарына Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз бергендиги үчүн кармалган, ал мурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматын ээлеп келген. Бул тууралу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Кармалган А.Э Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98 жана 99-беренелерине ылайык, Бишкек ш.ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмышка тиешеси бар жарандардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Меню