Menu

Өзбекстан-Ооганстан

Талибдер Өзбекстандын Ооганстанга электр кубатын берүүнү токтотконун сындады

Кабул Өзбекстандын Ооганстанга кыш ортосунда электр энергиясын берүүнү токтотконун сындады.

Талибдердин убактылуу өкмөтүндөгү Ооганстан ИИМинин башчынынын милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки Ташкентте Айыл чарба продукцияларын өнүктүрүү фондунун ачылыш аземинде өзбек өкмөтүн электр кубатын Ооганстанга келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө жеткирүүгө чакырды.

“Өзбекстан бийлиги өз убадасын аткарып, Ооганстанды электр кубаты менен камсыздоосу керек. “Брешна” компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, Өзбекстан Ооганстанга кышында 450 мегаватт электр кубатын жеткирүүгө милдеттүү. Бирок Өзбекстан электр кубатын өчүрдү, кишилер көйгөйлөргө туш болду”, – деди Муттаки.

“Брешнка” компаниясынын башчысы Хикматулло Аханзаде “Озоди” радиосуна электр энергиясын берүү Өзбекстандагы техникалык маселерге байланыштуу токтотулганын айтты.

Өзбекстан 13-январда Ооганстанга электр энергиясын берүүнү токтоткон. Ташкент муну техникалык маселелер менен байланыштырган.

Ташкентте Борбордук жана Түштүк Азия аймактарынын өз ара байланышына арналган эл аралык конференция өтөт

Ташкентте 15-16-июль күндөрү “Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” деп аталган эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, конференция Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен уюштурулууда. Анын негизги максаты — Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы тарыхый достук байланыштарды, ишенимдүү жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдөө.

Иш-чарага Өзбекстан менен Ооганстандын президенттери, Пакистандын премьер-министри, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери, жогорку кызматтагы өкүлдөрү, алдыңкы эл аралык жана аймактык уюмдардын, дүйнөлүк каржы институттары менен компаниялардын, изилдөөчү жана аналитикалык борборлордун өкүлдөрү катышат деп күтүлүүдө.

Алар аймактык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн алкагында соода-экономикалык, транспорттук-коммуникациялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн дагы 47 ооган жараны мекенине кайтарылды

27-июнда Ооганстандын 44 кишиден турган чек ара жана элдик кошуун аскери Өзбекстандын Шортепа уездинде мамлекеттик чек араны бузуп кирген.

Андан бир күн мурун, 26-июнда ушул эле аймак аркылуу коңшу өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн үч өкүлү өткөнү белгилүү болгон.

Бардык жарандар Ооганстанга кайтарылды. Өзбекстан ТИМи бул сыяктуу өлкө аймагына мыйзамсыз өтүү аракеттерине катуу бөгөт коюла турганын эскертти.

Өзбек дипломаттары Ооганстандагы кырдаалдын курчушуна тынчсызданып, жаатташкан тараптарды күч колдонуудан оолак болууга чакырды.

23-июнда да 53 ооган чек ара кызматкери жана жергиликтүү кошуундун аскерлери курал-жарактары менен Өзбекстандын аймагындагы Шортепа уездине киришкени кабарланган. Тиешелүү тергөө процедуралары көрүлгөндөн кийин алар мекенине кайтарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню