Menu

Өз билемдик

Өлкөдө белгисиз кишилер педофилияга шектелгендерди сотсуз жазалоону уюштурушууда

Телеграмда “педофилдерди жазалайбыз” деген топ түзүлүп, бирөөлөрдү ур-токмокко алып, опузалаган видеолору тарады. Интернеттеги кооптуу топтун мыйзамсыз жоругу кыргыз коомунда кызуу талкууланып жатат. Өзүнө жазалоочунун ролун ыйгарып алгандар боюнча милиция териштирүү баштаганын билдирди.

Быйыл 20-майда Телеграмда пайда болгон каналдын негиздөөчүлөрү жашы жете элек кыздардын сүрөттөрүн колдонуп, социалдык тармактарда фейк-аккаунттар аркылуу эркектер менен кат алышат. Эгер кимдик бирөө кайырмакка илинсе, аны жолугууга чакырып, өз алдынча жазалоого өтөт.

Телеграмдагы маалыматка караганда, “жазалоо-тарбиялоо” иштерине 16дан 19 жашка чейинки жигиттер тартылып, спорттун кайсы бир түрү менен машыккандарга артыкчылык берилет.

19-июнда жарыяланган видеодо өздөрүн “педофилдерди жазалоо” тобу деп атагандар жолугууга келгендерди сабап, опузалап жатканы көрүнөт. Алар мындай мыйзамсыз жоругун “кыздардын укугун коргоп жатканы” менен түшүндүрөт. Видеодо белгисиз бирөө эмне болуп жатканын айтып жатат:
“Биздин максатыбыз – педофилияны жок кылуу. Биз бардык жерде адилеттикти жана коопсуздукту жактайбыз. Педофилия менен күрөшүүдө улут роль ойнобойт. Биздин максат – тек-жайына карабастан бардык жарандар үчүн коопсуз коом түзүү. Биз милиция кызматкерлеринин педофилия менен кандай күрөшкөнүн көрүп атабыз. Алар канчалаган шектүүлөрдү кармаганы менен, коё берип ийип жатышат, биз өзүбүз да кармап бергенбиз. Бирок педофилдерди тийиштүү деңгээлде жазага тартпайт. Себеби милиция акчасын алып, ишти жаап коюуга ашыгат”.
Телеграм каналдын башкы бетинде “Таза мен! Таза Кыргызстан! Педофилдерге жол жок!” деп жазылган.

20-майдан бери каналга үч миңден ашуун киши катталып, бул кыймылдын демилгесин колдогондор бир кыйла көбөйгөн. “Педофилдерди жазалоо” каналынын негиздөөчүлөрү күн алыс видеолорду жарыялап турат.

12-июлда жарыяланган видеодо “топтун мүчөлөрүбүз” дегендер буттары тушалып, жылаңаяк жерде отурган эркектин башына “зелёнка” чачканы көрүнөт.

Дагы бир видеодо таяк жегендер фамилиясын, атын, туулган жылын жана кыздарга эмнеге мындай сунуш жазганын айтышат.

Алардын катарында аскерде кызмат өтөгөндөр, жашы жете элек мектеп окуучулары да бар. Алар Телеграм аркылуу “курмандыктарын” таап, суракка алган учурлардан видео тартып, таратышкан.

Телеграм канал улан-кыздарды аларга кайрылып, көйгөйү тууралуу ачык айтууга үндөйт.

Ички иштер министрлигинин басма көз кызматынын башчысы Тилек Оторов журналисттерге мындай жоболоңдуу жоруктан кабардар экенин, азыр териштирүү башталганын билдирди:

“Социалдык тармактарда чыгып жаткан маалыматты ИИМ өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп берген. Азыр текшерүү иштери жүрүүдө. Аталган Телеграм каналдын аракеттерине байланыштуу жабыркаганын билдирип, милиция органдарына кайрылгандар катталган жок. Бирок эгер кайрылуулар болсо, мыйзам чегинде каралат”.

Журналист Бакай Алмаз бул топтун аракеттерине соңку эки айдан бери көз салып келатканын айтат. Ал мамлекетте сот гана кимдир бирөөнү күнөөлүү же күнөөсүз деп таап, жаза чегерерин белгилейт. Мындан улам милиция тез арада Телеграмдагы кооптуу топтун ишин бөгөттөп, маселени мыйзамга ылайык чечиши керек дейт:
“Жарандардын тиешелүү органдарга ишенбестиги, милициянын чабалдыгы, паракордугу, соттордун адилетсиздиги, кайсы бир учурларда саткындыгы тууралуу сөз кылбайм. Анткени бул тууралуу көпчүлүгүбүз кабардарбыз. Бирок тиешелүү кызматтардын компетентсиздигинин айынан өлкөдө хаос жаралышына жол бербейли. Күч органдары бейбаш, өз билемдик менен жарандарга зыян келтирип, адамдык беделин басмырлаган топторду, уюмдарды жана кыймылдарды тез арада чектөөгө алышы керек. Ошондой эле жаштар арасында көзөмөлдү күчөтүп, алдын алууга милдеттүү”.

Кыргызстанда буга чейин дагы жарандарды өз алдынча жазалаган учурлар болгон. Май айында Таласта уурулук кылды деп шектелген адамды кармап, мамыга таңып, өз алдынча жазалоо аракетин көргөндөр болгон.

Балдардын укугун коргогон Назгүл Турдубекованын айтымында, 2022-жылы 600гө жакын кыз сексуалдык ыдык көрсө, 2023-жылы бул статистика эки эсеге көбөйгөн. Турдубекова сексуалдык зомбулукка кабылган, ыдык көргөндөрдүн укугун коргоодо милиция чабалдык кыларын бир нече жолу айткан. Ал ошондой эле бир канча кесиптештери, жарандык активисттер менен Бишкек милициясынын алдында акция өткөргөн. Анда ал шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган. Укук коргоочу Ногойбаев март айынын этегинде берген маегинде өспүрүм кыздарды зордуктагандарды соттор актаган деп күнөөлөгөн.

УКМК: Кадамжайдагы “Анкурсай” сел жүрүп кетчү кооптуу жерге 16 соода объектилерин өзүм билемдик менен кургандарга кылмыш иши козголду

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кадамжай райондук прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн тиешелүү текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө 16 ишмердик жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жер мыйзамдарын одоно бузуу менен Кадамжайдагы “Анкурсай” сел жүрүп кетчү кооптуу жерге соода объектилерин өзүм билемдик менен курган фактылары аныкталды. 

Бул факты боюнча 2023-жылдын 14-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүмү (Өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню