Menu

8-март

Бишкек жана Алматы шаарларында аялдардын укуктарын коргоо акциялары өттү

8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Казакстандын Алматы шаарында кыз-келиндердин укуктарын жактагандар митингге чыгышты. Калаанын борбордук бөлүгүнөн алысыраак жайгашкан Ганди атындагы паркта өткөн иш-чарага миңге жакын адам чогулду.

 RFE/RL радиосунун казак кызматынын маалыматына караганда, митингге чыккан активисттер негизинен сексуалдык зомбулукка каршылык билдирип, өлкөдө аялдарга кордук көрсөткөндөр көп учурларда жазасыз каларына нааразылык билдиришти. Мындан тышкары ыдык көрсөтүүгө каршы мыйзам кабыл алууну талап кылып, парламент менен жогорку кызматтарда аялдардын санын көбөйтүүгө чакырышты.

8-мартта Кыргызстандын баш калаасы Бишкен шаарында да гендердик зомбулукка жана басмырлоого каршы аялдардын тилектештик жүрүшү өттү. Акцияга болжол менен 500гө жакын киши катышты. Спорт ордосунан баштап Уркуя Салиеванын эстелигине чейин эки чакырымдай жолду жөө басып өткөн жүрүштүн катышуучулары кыздардын, аялдардын бардык укуктарын сактоо, аларды зордук-зомбулуктан коргоо жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу талаптарын коюшту.

Уюштуруучулар акция Бишкек мэриясы жана милиция менен макулдашылганын айтышты. Иш-чаранын коопсуздугун ички иштер органдарынын кызматкерлери камсыз кылышты.

Акциянын айрым катышуучулары демонстранттардын бирин кармап кетип жатышканына күбө болгонун маалымдашты. Алардын айтымында, милиционерлер бир эркекти күчтөп жетелеп кетишти, аны каяка алып кетишкени азырынча белгисиз.

“Милиция кызматкерлери украин тилинде жазылган жана ЛГБТ символикасы тартылган плакат көтөргөндөргө тандап барып жатышат”, – деп жазды Kloop.kg. Басылма жарыялаган видеодон кармалган киши түстүү беткап тагынып жүргөнүн көрүүгө болот. Милиция формасын кийген жана жөнөкөй кийимчен бир нече киши анын беткабын сыйрып, жетелеп кетип жатканын көрүүгө болот.

Бишкекте согушка каршы жүрүш өттү

Бишкек шаарында “Тынчтык. Март. Марш” деп аталган 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата жүрүш башталды. Анда уюштуруучулардын бири Алтын Капалова марштын максатын окуп берди.

“Биз бул жылы марштын темасы катары бүткүл дүйнө аялдарынын согушка каршы тилектештигин тандадык. Анткени Украинадагы согуш бардыгыбызга тиешелүү. Украинадагы согушту улантуудагы жүйөлөрдү чечкиндүү түрдө айыптайбыз жана карапайым адамдардын укугун коргогон адилет, тынчтыкты орнотууну талап кылабыз”, – деди Капалова.

Алтын Капалова согушта ириде аялдар, балдар көбүрөк жабыркап жатканын белгиледи.

Кыргызстанда 8-март жылнаамада кызыл менен белгиленген. Өлкөнүн булуң-бурчунда Аялдардын эл аралык күнүнө арналган ар кандай иш-чаралар өтөт.

Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылы 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары бекиткен. Ошондон тарта аялдардын укугун коргоо Эл аралык күнү жана эл аралык тынчтык күнү катары белгиленип келет.

2020-жылы 8-мартта Бишкекте аялдардын теңдиги, тилектештиги үчүн уюштурулган тынч жүрүш үзгүлтүккө учураган. Белгисиз, беткапчан адамдар уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен.

Милиция кийинчерээк аялдар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын айткан.

Соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук да күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алууда. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан былтыр кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8,5 миңдей факт катталган жана бул мурдагы жылга салыштырмалуу 30% көп.

Башкы прокуратура 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турса, 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшпөгөнүн маалымдаган. Мындан 90% ашык учурда аялдар жабыр тартат.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет.

Меню