Menu

OCCRP

OCCRP: «Пегас» тыңчылык тизмесинде казак президенти менен өкмөт башчысы да болгон

20-июлда Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) Pegasus («Пегас») тыңчылык уюмунун Казакстанга тишелүү бөлүгүн жаңыртты. Ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, премьер-министр Аскар Мамин жана Алматынын акими Бакытжан Сагынтаев кирди.

Башында тизмеде эки журналист жана үч коомдук активист – бардыгы беш адам болгон. Ошол эле маалда OCCRP Казакстан тизмесинде эки миңдей номур бар экенин эскерткен.

Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) 18-июлда иликтөө жарыялаган. Анда дүйнөдөгү бир катар өлкөнүн бийлиги чалгын жабдыктарын өндүргөн Израилдин NSO Group компаниясынын Pegasus программасын колдонуп, журналист, жарандык активисттердин 50 миңден ашык телефон номери тымызын тыңшалганы айтылат. Аталган программа телефон сүйлөшүүлөрдү, смс-билдирүүлөрдү жаздырып алып, уюлдук телефондо тартылып сакталган видео жана сүрөттөрдү көчүрүп, GPS аркылуу колдонуучунун кайда жүргөнүн аныктап турган.

OCCRP бул жабдыкты Азербайжан, Бахрейн, Венгрия, Индия, Индонезия, Казакстан, Мексика, Марокко, Руанда, Сауд Аравия, Того сыяктуу өлкөлөр колдонгонун ашкере кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

OCCRP: Pegasus программасы менен аңдууга кабылгандардын арасында үч казакстандык бар

Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) Pegasus программасы аркылуу телефондору тыңшалган журналисттер менен активисттердин аты-жөнүн жарыялады.

Алардын арасында Казакстандын үч жараны бар: Informburo.kz жаңылыктар порталынын кабарчысы Серикжан Маулетбай, Central Asia Monitor гезитинин мурдагы башкы редактору, ПЕН-клубдун башчысы Бигельды Габдуллин жана “Ар-Рух-Хак” деп аталган укук коргоо тобун жетектеген укук коргоочу Бахытжан Торегожина.

Мындан тышкары OCCRP’нин иликтөөсүндөгү “казакстандык тизмеде” Квентин Гиёме жана Мартин Вийом аттуу эки адамдын аты-жөнү да жазылган. Булар Казакстанда анча таанымал болбогону менен, аларды аңдуу бозгунда жүргөн мурдагы банкир, оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовго байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

“Жалпысынан тизмеде дээрлик 2 миң казакстандык номур бар. Арасында журналисттер, өлкөнүн саясий жана бизнес-элиталары, анын ичинде экс-президент Нурсултан Назарбаевдин каршылаштары менен тарапташтары делген адамдар да бар. Бул тизмедеги номурлардын баары эле тыңшалган дегенди билдирбейт, бирок аларга NSO Group’тун кардарлары кызыкканы анык” – деп жазган OCCRP.

Азырынча Казакстандын бийлиги бул маалыматтар боюнча комментарий бере элек.

Pegasus – Израилдин кибертыңчылык программасы менен алектенген NSO Group компаниясынын өнүмү. Ал башкалардын телефон чалууларын көзөмөлдөп, кабарларын окуп, сүрөт жана сырсөздөрүн көрүүгө мүмкүндүк берет. OCCRP 18-июлда жарыялаган иликтөөдө 2016-жылдан бери NSO Group компаниясы дүйнө жүзү боюнча 50 миң номурду аңдыганы жазылган.

Иликтөөчүлөр номурларды географиялык кластерине жараша топтоштуруп, алар ондон ашык өлкөгө таандык экенин аныктаган. Арасында Казакстан, Азербажан, Венгрия, Бахрейн, Индия, Индонезия, Мексика, Марокко, Руанда, Сауд Арабиясы, Того жана Бириккен Араб Эмираты бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню