Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 23-24-июнунда Баткен жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапар алкагында Жээнбеков унаа жолдрунун курулушу жана реконструкцияланышынын жүрүшү, социалдык объектилердин абалы менен таанышат. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар пландаштырылган.
Баткен облусунда өкмөт башчы «Көк-Талаа – Пүлгөн» унаа жолунун ачылышына катышат. Ошто Өзгөн районуна барып, билим берүү тармагынын объектилеринин курулушу менен таанышмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ