Нарын облусунун Ак-Талаа районунда эшек уурдап союп жүрүшкөн 3 жергиликтүү жаран кармалды. Бул тууралу Турмуш маалымат агенттигине кечээ, 14-ноябрда Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Нарын обустук милициясынын маалыматы боюнча Ак-Талаа районунун Коңорчок, Ак-Тал, Чолок-Кайың и Жаңы-Талап айылдарында бир эле октябрь айында 25 эшек уурдалып, союлуп кеткен.
Эшектен башка да бул айда 15 мал урдоо фактысы катталган.
Бул фактылар боюнча Ак-Талаа райондук милициясы шектүү 3 жергиликтүү жаранды кармаган. Алар Нарын районунун Жан-Булак айылынын тургундары 31 жаштагы А.С. жана 30 жаштагы К.М. ошондой эле Жерге-Тал айылынын 24 жаштагы тургуну Р.Д. болуп чыгышты.
Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ