Түндүк Корея бийлиги Малайзия жарандарынын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салды. Жооп катары Куала-Лумпур Малайзияда жүргөн түндүк кореялык жарандарга карата ушундай эле чектөө чараларын киргизди.
14-февралда Куала-Лумпур аэропортунда Түрдүк Корея лидеринин агасы Ким Чен Нам ууландырылып өлтүрүлгөн. Анын бетине тез таасир этүүчү уу себилген чүпүрөк сүртүп кетишкен. Кол салууга Түндүк Кореянын бир нече жараны шектелүүдө. Малайзия полициясынын билдирүүсү боюнча, ал адамдар Түндүк Кореянын Куала-Лумпурдагы элчилигинде жашырынып жүрөт. Жалпысынан Ким Чен Намдын өлүмүнө байланышкан иштин алкагында төрт киши кармалган. Алардын экөөсүнө — Вьетнам менен Индонезиянын жарандарына айып тагылган. Эгер алар күнөөлү деп табылса өмүр бою эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.
Аэропорттогу кол салуудан кийин Малайзия бийлиги коопсуздук максатында Түндүк Корея жарандары үчүн визасыз режимди жойгон.
Ким Чен Нам Түндүк Кореянын мурдагы лидери Ким Чен Ирдин улуу баласы болгон. Акыркы жылдары ал негизинен чет өлкөлөрдө жашап, Пхеньян бийлигин сынга алып келген.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ