2017-жылдын 20-майында Ысык-Көл областынын Түп районунун Түп айылында Ак-Суу районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Оморов Алмаз Усупбековичтин жаркын элесине арналган жана мамлекетибизде “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыялангандыгынын алкагында Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз кызматы маалымдайт.
Бул мелдештин уюштуруучусу Түп райондук соту. Спорттук иш-чара жылына бир жолу жергиликтүү соттордун командаларынын арасында өткөрүлөт.
Жалпысынан мелдеште областтык соттун, райондук жана шаардык соттордун, Ысык-Көл областтык Сот департаментинин башкармалыгынын жана Ысык-Көл областынын адвокаттар коллегиясынын кызматкерлеринен түзүлгөн 8 команда ат салышты.
Бул иш-чаранын башкы максаты болуп сот системасынын кызматкерлеринин арасында сергек жашоого үндөө, достук жана спорттук алаканы бекемдөө жана мыкты кичи-футбол командасын аныктоо саналат.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Жети-Өгүз райондук сотунунун командасы багындырып, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми экинчи орунга Ысык-Көл областтык Сот департаментинин башкармалыгынын командасы, үчүнчү орунга Ысык-Көл областтык сотунун командасы ээ болуп, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ