Menu

«Искра Азия» агроөнөржай парк долбоорун ишке ашыруу менен 30миңге чейин жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк ачылат

Бөлүшүү:

«Искра Азия» агроөнөржай парк долбоорун ишке ашыруу менен 30миңге чейин  жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгында 1млрд АКШ долларына чейин инвестиция түшүүсү күтүлүүдө». Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын  биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 7-июлда,  Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын министри Чжи Шупинг менен Чүй облусундагы «Искра Азия» айыл чарба кызматташтык аймагына барган учурунда билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Инвесторлор «Искра Азия» айыл чарба кызматташтык аймагы долбоорунун бет ачаарын тартуулап, долбоорду адистештирүү жана ишке киргизүү тууралуу маалыматтарды беришти.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев айыл чарба  кызматташтык аймагын куруу макети менен таанышып, аталган долбоор Борбор Азиядагы ири долбоорлордун бири болоорун билдирди.

«Кытай делегациясынын сапары өндүрүлгөн продукцияларды жаңы рынокко чыгарууну камсыз кылууга багытталат. Кыргыз Республикасындагы «Искра Азия» агроөнөржай паркы боюнча кызматташтык борбору Борбор Азия аймагындагы мамлекеттер ортосунда «Бир алкак-бир жол» Улуу Жибек жолу» долбоору менен заманбап байланыштыруучу өндүрүш болот.

Ал баса белгилегендей, агроөнөржай паркы  этти кайра иштетүү, уй жана жылкы этин өндүрүү багытында, балык, бал аарычылык жана башка айыл чарба тармактары боюнча иш алып барат. Агропаркта өндүрүлгөн бардык азык-түлүктөр Кытайга экспорттолот.

«Искра Азия» канаттуулардын фабрикасынын базасынын аймагында аянты 560 гектар агроөнөржай парк комплексин куруу пландаштырылууда. Көп тармактуу долбоорду ишке ашыруунун баштапкы этабында КЭР көлөмү  250 млн АКШ долларынан кем эмес инвестиция тартылат жана 5 миңге жакын жумуш орундары түзүлөт. Ошондой эле үйлөр жана атайын объектилер курулат »,- деп белгиледи биринчи  вице-премьер-министр.

«Искра Азия» агроөнөржай паркы узундугу 7,8 км болуп, инфраструктурасы мыкты өнүгүүсү каралган, түштүктөн жана түндүк тарабынан башкы жол салынат. Анда заманбап мониторинг системасы жана уюлдук байланыш орнотулат,  аймак толугу менен жарыктандырылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: