Милицияга Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2017-жылдын 23-ноябрь күнү болжол менен саат 19:00 чамасында Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен “Айбек” атуу жаран жабырлануучунун чөнтөгүнөн 9600 сомдук уюлдук телефонун уурдап кеткендигин билдирген. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексининин 164-беренси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ