Menu

Өзбек ишкери АКШнын санкциялык тизмесинен чыгууга аракет жасоодо

Бөлүшүү:

Белгилүү өзбекстандык ишкер, Эл аралык бокс ассоциациясынын президентинин милдетин аткаруучу Гафур Рахимов өзүнө карата АКШнын Каржы министрлиги тарабынан киргизилген санкцияларды жойдурууга аракет кылууда.

Бул максатта ал адвокаттарына АКШнын чет өлкөлүк автивдерди көзөмөлдөө башкармалыгына петиция берүүнү тапшырды.

Адвокаттардын билдиришинче, Гафур Рахимовдун кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар экендиги тууралуу ушактарды жайылтуу Өзбекстандын мурдагы президентинин улуу кызы тарабынан атайын уюштурулган. Мындай аракеттердин максаты Рахимовдун Өзбекстандагы бизнесин тартып алуу жана аны өлкөдөн чыгаруу болгон.

Өзбекстанда бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин уюшкан кылмыштуу топтун лидери деп айыпталган Гафур Рахимовду Интерпол издөөдөгү адамдардын тизмесинен чыгарган. 2012-жылы АКШнын Каржы министри Гафур Рахимовду «Борбор Азияда маңзатын жайылтуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин бири» деп атап, ага каршы каржылык санкцияларды киргизген.

Ал Өзбекстандан 2010-жылы чыгып кетип, ушул күнгө чейин Дубайда жашап жүргөнү айтылууда.

Былтыр декабрда АКШнын Каржы министрлиги «Магнитский мыйзамынын» алкагында 13 адамга жана 39 уюмга санкцияларды киргизген. Алардын арасында Рахимов дагы болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: