Menu

OCCRP: Кондитер бизнесин Казакстан президентинин кызы «тескейт»

Бөлүшүү:

Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) «Панама архивинин» экинчи бөлүмүн жарыялады. Анда офшор компаниялар тууралуу жаңы фактылардан тышкары Казакстан президенти Дарига Назарбаеванын бизнеси тууралуу дагы айтылган.

OCCRP Mossac Fonseca деп аталган юридикалык компанияга байланышкан «Панама архивдериндеги» жаңы документтерди жарыялады. Журналисттердин маалыматына караганда, алгач фирма офшор компаниялардын ээлеринин дээрлик 75% аныктай алган эмес.

Жаңы документтерге ылайык, Казакстан президентинин кызы жана өлкө Сенатынын Эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрайымы Дарига Назарбаева 2007-жылдан бери Британ Виргин аралдарындагы Asterry Holdings Ltd. компаниясына жалгыз ээлик кылат.

Журналисттердин ырасташынча, дал ушул компания башка компаниялардын чынжырчалары аркылуу Казакстандын кондитер бизнесинин активдеринин бир бөлүгүн ээ. Бул боюнча жиберилген суроолорго Назарбаева жооп берген жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: