Ысык-Ата районунда 54 жаштагы салыкчыны 53 жаштагы аялы менен 39 жаштагы кайниси жана 38 жаштагы милиционер сабап өлтүргөн деп шектелип кармалышты. Бул тууралу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
4-июль күнү Ысык-Ата райондук милициясына 53 жаштагы Кант шаарынын тургуну С.Т. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ал анын жубайы, 54 жаштагы М.Р. аттуу жаран 1-июлда үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдирген. Жоголгон жаран салык кызматында иштеген.
Милициянын тергеп-иликтөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөөнү баштаган.
11-июль күнү кечки саат 17.00.лерде Аламүдүн районунун Кайырма айылындагы мүрзөнүн алдындагы арыктан, жерге көмүлгөн белгисиз эркек кишинин бузулуп бараткан сөөгү табылган. Бул факты боюнча милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Адамдар тобу тарабынан киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгойт.
Эртеси бул сөөк дайынсыз жоголгон 54 жаштагы М.Р. экенин анын туугандары таанып, тастыкташат.
Ыкчам издөө аракеттеринин натыйжасында Ысык-Ата райондук милициясы М.Р.ны өлтүрүүгө анын 53 жаштагы аялы С.Т. менен 38 жаштагы Кант тергөө абагынын милиционери М.Э.ни шектүү деп камакка алышат.
Ал эми үчүнчү шектүү, маркумдун 39 жаштагы кайниси С.Н. Москвага уча качканы билинип, ыкчам көрүлгөн аракеттердин натыйжасында КР ИИМдин Москвадагы өкүлү С.Н.ны “Домодедово” аэропортуна учуп келгенде кармап, кайра эле ошол самолет менен артка, Бишкекке депортация кылууга жетишет.
Бишкектин “Манас” эл аралык аэропортуна учуп келген С.Н.ны Ысык-Ата райондук милициясы тосуп алат да, кармап тергөө абагына тыгат. Азыр үчөөсү тең абактан сурак берип жатышат. Алар маркум М.Р.ны сабап өлтүрүшкөнү белгилүү болду. Тергөө улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ