“Коопсуз шаар” долбоору ара жолдо турат. Тактап айтканда, 2012-жылдан бери ишке ашпай келе жаткан “Коопсуз шаар” долбоору бул жолу да үзгүлтүккө учураганы калды. Анткени 4-октябрда “Коопсуз шаар” боюнча өткөн сынакка катышкан “Маалыматтык системдердин коопсуздугу” компаниясынын өкүлдөрү жеңишке жеткен “Вега” компаниясынын аталган долбоорду ишке ашырууга тажрыйбасы жоктугун, сынактын эрежелери бузулганын айтып чыккан. Арыз-даттанууларды караган көз карандысыз комиссия “Веганын” үстүнөн түшкөн сындарды негиздүү деп тапты. Натыйжада «Веганын» жеңиши кайрадан жокко чыгарылышы мүмкүн. Кыскасы, бир нече кылмышка шектүү экенине карабай Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине дайындалган Бакыт Шаршембиев «Коопсуз шаар» долбоорунун таш талканын чыгармай болду. Өкмөт бул жолу да ооз көптүрүп, бирок жайдак калды.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ