Кечээ, 18-октябрда Москва шаарынын полициясынын генерал-майору Юрий Девяткин бараткан унаа Кыргызстандык 23 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Рулда генерал-майордун 33 жаштагы айдоочусу болгон. Окуядан кыргызстандык жарандын мээси чайкалып, чекеси жаракат алган. Ал №1-ооруканасына жеткирилген. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары жазып чыкты.
Аварияда кыргызстандык жаран күнөөлү деп табылышы мүмкүн. Анткени, ал досу экөө, атайын өтчүү жайдан (зебрадан) эмес, андан 150 метр алыстыктагы жерден ары тарапка өтмөкчү болгон. Демек, жол кыймыл эрежелерин бузган болуп саналат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ