7-ноябрь басма сөз күнүнө карата Бишкекте көзү өтүп кеткен журналисттерди эскерүү максатында сүрөт көргөзмө уюштурулат.
Журналист Элнура Кулуева каза болгон кесиптештерди эскерүү иш-чарасын өткөрүүнү көтөрүп чыккан. Анын бул идеясын калган кесиптештери да колдоого алышып, 7- ноябрь басма сөз күнүнө карата өткөрүүнү чечишкен. Учурда тизме такталып жатат.
Маалыматка караганда, 27-жылдын аралыгында каза болгон журналисттердин саны 40га жакындап калган.
Ошондой эле каза болгон журналисттердин элесине арналган даректүү тасма да тартылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ