Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин ишмердүүлүгүн акыркы учурда сындабаган киши калган жок. Коомчулук катуу сынган алып жатканда, президент, премьер-министр, ЖК депутаттары, эксперттер эң эле катуу сындады. Ага болбой эле иштен кетпей, тырышып олтурат. Бирок чоң муштум Мурашев креслодон шыпырылганы калды көрүнөт. Бет калың болсо мансабын бекемдөөгө бүт аракетин көрө беришет экен. Жээнбеков Мурашевди эмнеге кармап олтурат? Өзүн катуу колдоп жаткан “Бир Бол” партиясы менен эсептешип жатканы эле болбосо… Эмнеге дегенде Мурашев мандатка жетпей калганда, лидер Алтынбек Сулайманов аны министр кылган. Бизде деңгээлге, билимге, тажрыйбага эч эле карашпайт. Биринчи орунга саясый жана жеке кызыкчылыктар чыгып келет.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ