Кыргыз Эл артисти Акылбек Абдыкалыков Лос-Анжелесте өткөн Asian World Film кинофестивалында “Эркектин мыкты ролу” сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунан билдиришти.
Акылбек Абдыкалыков Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасындагы ролу үчүн сыйланган.
24-октябрдан 1-ноябрга чейин өткөн Asian World Film фестивалы 2015-жылы коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Анда тасма жаратуучулардын мыктыларын аныктап,”Азия Оскары” наамы тапшырылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ