“Алмамбет Шыкмаматов орусчаны жакшы түшүнбөй бакылдап жатабы, балким мен эмоция менен толкунданып айттымбы, бирок мыйзам боюнча Текебаев жазасын туура алды. Анткени Текебаевдин 1 млн доллар алганын ошол эле Текебаевдин жанында жүргөн Өмүрбек Абдрахманов жана башкалар бакылдап эле айтып жүрүшпөйбү”, – деп билдирди бүгүн, 10-декабрда Алмаз Атамбаев өзүнүн жеке менчик “Апрель” телеканалына интервью берип жатып.
“Менин айтканымдын мааниси башка болчу, мен күч органдарына “мыйзам боюнча жасагыла” деп айтчумун да, ошондо мыйзамды бузуп эле Текебаевди каматтырбай койсом болмок экен деген бир өкүнүч бар. Балким ага күч органдарынын да таарынычы бар беле, бирок мен аларга Текебаевди жазалап, каарман кылып аласыңар деп айткам. Бирок дагы бир жолу айтам, мүмкүн кудай өзү кечирсин деп, мыйзамды бузуп эле каматтырбай эле койсом болмок окшойт. Бирок мыйзам боюнча чара туура колдонгон. Миллион доллар алганы чын”, – деди Алмаз Атамбаев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ