Бүгүн айрым бүлүндүргүчтөр тарабынан КСДПнын 6-апрелде өтө турган кезектеги съездин үзгүлтүккө учуратуу аракеттери көрүлүүдө. Бул максатта алар өзүлөрүнүн “съездин” үч күн мурда чакырууну көздөп жатышат. Бирок мыйзамдуу өтөт деп жатышкан съездге делегаттар жергиликтүү партиялык уюмдардан шайлоо керек экени алардын акылына түштөн кийин киргендей. Ансыз өзүлөрүнүн чогулушуна булар эч кандай мыйзамдуу макам да, түр да бере албайт.
Ошондуктан алар учурда Көлбаев деген адамдын атынан партиянын жергиликтүү уюмдарына жогорудагыдай конференцияны тезинен өткөрүү сунушу айтылган каттарды жиберишүүдө. Көлбаев аттуу адамды биз партиянын борбордук аппаратынан эч качан көргөн эмеспиз. Муну менен алар партиячылардын башын айландырышууда. Буга байланыштуу дагы бир жолду төмөнкүлөрдү баса белгилейм: КСДПнын бирден бир мыйзамдуу 18-съезди 6-апрель күнү өтөт. Партиялаш жолдошторду чагымдарга алдырбоону жана КСДПнын өткөн съездде мыйзамдуу шайланган Саясый кеңешинин чечимдерин аткарууну өтүнөм.
КСДПнын Катчылыгынын жетекчиси Усубалиев Т.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ