Космосбек Чолпонбаев кызматка келгенден бери саламаттыкты сактоо тармагы тескери кетип, бир дагы багытта жылыш болгон жок. Башталбай жатып «бачагы» чыккан реформасы дарыгерлерди митинг-пикетке чейин чыгарып, ишин үзгүлтүккө учуратты. Жалаң бизнести ойлогон кысталак, чет элден келген грантка кымбат баалуу жол тандабас сатып алганы бүтүндөй өкмөттүн атына көлөкө түшүргөнүн билебиз. Дарыгерлердин маянасы да айтылгандай 30 миңге чейин көтөрүлгөн жок. Баса, Президент демилгелеген санариптештирүү иши дал ушул тармакта ишке кирсе элдин туйшүгү бир топ жеңилдемек. Анткени, ар бир үчүнчү жаран күн сайын медициналык жардамга жана көзөмөлгө муктаж болот. Тилекке каршы, Космосбек мырза бул багытта иш жүргүзгөн жок. СССРден калган эски кагаздарга байланган тейлөө ошол бойдон былк этпестен быкшып турат. Анын айынан адамдар аягы көрүнбөгөн кезекке туруп, азап тартышууда. Өкмөттөн үмүт үзүлдү, президент буга чара көрүшү керек.
—Космосбек Сариевич, Саламаттыкты сактоо министрлигине космостон түшкөн киши катары сыпатталып келесиз, чындап эле бул кызматка дары саткандардын бизнесин коргоо үчүн келдиңиз беле? Үй-бүлөлүк медицина кызматкерлерин нааразы кылган реформаңыздын аягы эмне болду? Жакынкы кундөрдө министрлер кабинетинде кадрдык өзгөрүүлөр орун алып, үч министр менен кошо сизди да кызматтан кетирет деген сөздөр тарады, буга даярсызбы?
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ