Ири суммадагы пара алып жатканда кармалган Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин соту башталды. Ал жол куруу боюнча жеке компаниялардан 520 миң АКШ долларын талап кылып, мурдараак 120 миң долларын алып, кийин кезектеги 50 миң долларды алып жатканда колго түшкөн. Окуядан кийин ошол кездеги министр Жамшитбек Калилов кызматтан алынган. Бирок Калилов бул маселеден кызматтан алынуу менен суудан кургак чыкпашы керектиги айтылууда. Эгер тиешелүү органдар тыкыр иликтесе, Калиловдун дагы кулагы чыгаары кеп болуп келет. Ал ортодо Жамшит мырза “жылт коюп качып кетиптир” деген дагы сөздөр чыкты…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ