Menu

ӨКМде өтө чоң коррупциянын бети ачыла баштады

Бөлүшүү:

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсов өткөн жумада 146 миң доллар пара менен камакка алынганы маалым. Азырынча бул иштин чоо-жайы толугу менен ачыктала элек. Министр мырза, кадимкидей эле иштеп жатат. Мирзахмедов буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борборунун жетекчиси Асылбек Жусубалиев өткөн айдын башында иштен алынганын жана министрликте 10 кишиден турган топ түзүлүп, иликтөө жүргүзүлгөнүн билдирди. Министр өз сөзүндө: «Текшергенде кассадагы 16 миллион сом жок болуп чыккан. Муну Жусабалиев кассадан өзү эле алып койгон болот. Мен ушул 16 миллион боюнча Аскердик прокуратурага «иш козгогула» деп материалдарды өткөрүп бергем. Текшерүү дагы деле уланып жатат. Андан сырткары 37 тонна күйүүчү май, төрт тонна АИ92 үлгүсүндөгү бензин жок болуп чыккан».

Жолборсов «коррупцияга» айыпталып, Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайына 6-сентябрга чейин камалган. Нурбек Жолборсовдун атасы Жаныбек Жолборсов уулу Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борборундагы коррупциялык иштер боюнча күбө катары чакыртылып, камакка алынганын, ага Жусубалиевдин көрсөтмөсү негиз болгонун айтты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында Чукул кырдаалдардын таасирин жоюу боюнча түндүк жана түштүк борборлору бар. Бул мамлекеттик ишканалар ар кандай тендерлерге катыша алат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тапшырган жумуштарды аткарат. Буга чейин 146 миң доллар пара маселеси уран маселеси боюнча өткөрүлгөн тендерге байланыштуу экени айтылган. Бирок министрлик акыркы 2 жылдан бери уран боюнча тендерди ӨКМ эмес, Россиянын РОСАТОМу өткөрүп жатканын билдирген. Ал ортодо камакка алынган Жолборсовдун атасы бул коррупциялык ишке баласы эмес Жусубалиев күнөөлүү экенин, ал УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевдин бир тууган жездеси экенин айтып чыккан. Чынында 146 миң доллардын тамыры тайыз эмес. Жолборсов менен эле жок болуп кетпейт. Анын үстүндө да көрсөтмө берип турган үлкөн атка минерлер турушу толук мүмкүн. Андыктан бийлик бул маселеге көз жумду мамиле кылбашы зарыл.

Нурбек Жолборсов менен Нурболот Мирзахмедов Сузак районунун акими болуп турган жылдардан бери чогуу иштейт.

Жолборсов Нурбек Жаныбекович 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Бир бол» партиясынын тизмесинде 71инчи болуп жазылган.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: