Орто жана жогорку окуу жайларына талапкерлерди кабыл алуу өнөктүгү өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунда абдан кызыды. ОшТУга кирип баратып, кубанычы койнуна батпаган майып кызга жолугуп, капыл-тапыл кепке тарттым.
– Аты-жөнүң ким?
– Меңдиайым Сүйүнбай кызы.
– Кечирип коесуз, сылтып басканыңызга караганда майып өңдөнөсүз?
– Ооба. Экинчи топтогу майыпмын.
– Сүйүнгөнүңүздөн улам окууга өткөн окшойсуз, ээ?
– Туура эле баамдапсыз. ОшТУга документтеримди тапшырган элем. ЖРТнын жыйынтыгында 117 балл алыпмын. Университеттин кабыл алуу комиссиясы дагы өзүнчө чакан сынак-баарлашуу уюштуруп, акырында мени бюджеттик тайпага өткөрүштү.
– Чындык бар бекен?
– Албетте! Кыргызстандагы бардык ЖОЖдордой эле ОшТУда деле тааныш-билишчилик жана жемкорлук күч деп ойлогомун. Көрсө, абдан катуу жаңылыпмын. Бул жерде – ОшТУда теңирден тескери-мыйзамсыз көрүнүштөргө таптакыр жол беришкен жок!
– Меңдиайым, окууга го акыры өттүң. Эми үмүттү актаар бекенсиң?
– Ошентип, ОшТУнун колдонмо информатика адистигине бюджеттик негизде окуймун. Университетти толук кандуу билим алууга заманбап шарттар жаратылыптыр. Болочокто модельер-дизайнер боломун. Анан Кыргызстандагы жеңил өнөр жайын өнүктүргөнгө колумдан келишинче салым кошсом деген изги тилектемин.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ