Бул эки эргулду Белоруссияга куулган мурдагы президент Максим Бакиевдин уулу Максимдин жакындары катары айтылып келет. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу билдиргендей, алардын көрсөтмөсүн угууну мамлекеттик айыптоочулар өтүнүшкөн.
Анын айтымында, Ширшов менен Елисеев 2018-жылы Латвиянын чегинде сурак беришкен.
“Эки тараптуу укуктук көмөк көрсөтүү келишимине ылайык, Кыргызстандын УКМКсынын тапшырмасы менен экөөнү тең латыш тергөөчү сураган. Алар бизде соттолуп, эл аралык издөөдө жүрөт. Укук коргоо органдарыбыз аларды таап, келишим алкагында КРга өткөрүп алышы керек эле. Бирок, анын ордуна кыргыз тарап сурак жүргүзүүнү гана өтүнгөн. Мамлекеттик айыптоочулардын жетиштүү далили болбой, бул кишилердин көрсөтмөсүн пайдаланууга аракет жасап жатат”, – дейт жактоочу Замир Жоошев.
Алардын көрсөтмөсү келерки соттук отурумда ачыкталат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ