Кыргызстанда көмүрдүн баасы тоннасына 3,5 миңден 4 миң сомго чейин сатылууда. “Бул былтыркыга салыштырмалуу кымбат”,-дешүүдө коомчулук. Көмүрдүн баасы боюнча, Өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Мырза Жаманбаев бүгүн, 19-ноябрда маалымат жыйында айтып берди.
Анын айтымында, көмүрдү Казакстандан 3-4 компания ташып келип, Чүй, Ысык-Көл облустарына тоннасын орточо баа менен 3,9 миң сомдон сатышууда. Жергиликтүү көмүрдүн тоннасы карьерде 1,3 миң сом, Бишкекте ташып келүү кызматын кошкондо орточо 3,5 −4 миңден сатылууда.
«Бүгүнкү күндө план боюнча бара жатабыз, түндүктө – 541 миң тонна, түштүктө – 1,4 миллион тонна көмүр даярдалган”,-деди Мырза Жаманбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ