Ымыркай бетонго кулап түшүп, азыр ооруканада. Милиция чатак түшкөн видеону изилдеп жатат. Эркек бир нече ирет дүкөндүн ичинен эмчектеги баласы бар келинге кол көтөргөн. Видео @Black_list.kg инстаграм-аккаунтка жарыяланды. Окуя 23-январда болгон.
“Бүгүн Бишкекте” деген телеграм-канал аркылуу жапа чеккен келиндин эжеси кол көтөргөн эркек болжол менен 101 же 128-маршрутканын айдоочусу экенин, машинесин туура эмес токтотуп койгон келинди ээрчип, дүкөн ичине чейин кирип барып, анан кол көтөргөнүн, натыйжада бала бетонго кулап түшкөнүн маалымдаган.
Ал эми Бишкек ИИБисинде билдиришкендей, азыр милиция бул окуя кайсыл шаарда, кайсыл дүкөндө болгонун иликтеп жатышыптыр. Видео:
https://www.instagram.com/p/B7q_ptIBC3I/
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ