Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын бийлиги таажывирусуна каршы киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу шаарга кирип-чыкчу үч дарбазаны тосмо-бекеттер менен жаап, кирип-чыккандарды көзөмөлгө алды.
Шаарга азык-түлүк, зарыл жүктөрдү ташыган гана унаалар киргизилет. Адам ташыган унаалар киргизилбейт. Ал эми азык-түлүк сатып алууга келишкен жарандарды бала-чаканы ээрчитпей, жарым-жалгыздап келүүсүн эскертип жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ