Бүгүн, 5-апрелде Алмаз Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жаңы ырын жарыялады.
“Өмүрүмдөгү биринчи ырым… Музыкасы Иван Бродниктики, сөзүнүн автору жана аткаруучу өзүм – Алия Шагиева. Жанры: synth-pop, dream-pop, noise, new wave. Өзүңөрдүн пикирлериңер менен бөлүшкүлө. Тексти кандай болуптур? Музыкасы кандай? Менин үнүм кандай, тажатпайбы? Ырдын кайсы сабы жүрөккө жетет? Силердин пикириңер мага өтө маанилүү, анткени мага өз үнүм эч качан жакчу эмес жана уккум да келчү эмес… Жакында клип да чыгат…”, – деп жазган Алия Шагиева.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ