Коронавирусту жуктурган дарыгерлер оорудан айыккандан кийин кайра жумуштарына кайтып келишет. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, ооруган дарыгерлердин бир бөлүгү айыгып, кайра жумушка кайтып келишкен.
“Айрымдары коронавирустун жеңил- желпи учурларына чалдыгып жатат. Андай учурда толук дарылоо курсун алып, ооруканалардан чыккандан кийин жумушка кайтышат”, – деди Үсөнбаев, бирок канча дарыгер сакайганын так айткан жок.
Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, өлкөдө медициналык кадрлардын жетишсиздиги күтүлбөйт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус илдетин 506 адам жуктуруп алган. Алардын ичинен 116 бейтап дарыгерлер.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ